Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Иерусалимдеги жарылуудан сегиз адам өлүп, алтымыштан ашуун киши жаракат алды


Жүргүнчү ташуучу автобуста жасалган жардыруу үчүн жоопкерчиликти "ал-Акса бригадасынын шейиттери " деп аталган палестиналык согушчан топ өзүнө алды. Андан жардырууну ишке ашырган жанкечтиден башка дагы сегиз адам өлүп, алтымыштан ашуун киши жарадар болду: Палестин өкмөт башчысы Ахмед Корейи бул кандуу окуяны айыптады:

-Биз мейли израилдиктер болсун, мейли палестиндер болсун карапайым адамдарга каршы багытталган мындай аракеттерди четке кагабыз. Бул палестин элинин кызыкчылыгына каршы келет.

Жардырууну Орусия, Германия, Ватикан да айыптады. Ал Гаагадагы эл аралык сот Израил жанкечтилердин кол салууларынан коргонуу максатында деп Иордандын Батыш жээгинде узундугу 700 чакырым келген коопсуздук дубалын куруусунун мыйзамдуулугу жөнүндөгү маселени карап баштаардан бир күн мурда болуп олтурат. Израилдин тышкы иштер министри Сильван Шаломдун билдиргенине караганда, бүгүнкү бомба чабуулу коопсуздук дубалды куруунун зарылдыгын ырастоодо.

XS
SM
MD
LG