Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:21

ЧЕЧЕНДЕР ЧЕТКЕ ЭМНЕГЕ СҮРҮЛГӨН?


Мындан туура 60 жыл илгери - 1944-жылы 23-февралда чечендер менен ингуштарды өз жеринен зордуктап көчүрүү башталган. СССРдин Ички иштер комиссары Л.Берия СССРдин коргоо комитетинин төрагасы И.Сталинге 500 000 жакын чечендер менен 100 миңге чукул ингуштар Орто Азия жана Сибирди көздөй көчүрүлгөнүн маалымдаган. Түндүк Кавказдагы саны аз калктарды күч менен көчүрүүнүн себеби эмдигиче талаш-тартыш.

Берия Сталинге кар жаап салып жолду күрткү баскандан улам тоолуу Галанчождон 6000 адам эки күн кечигип жөнөтүлөөрүн билдирген. Ошол 60 жылдан бери чечендер менен ингуштарды күчкө салып көчүрүүнүн себеп-жөнү ар кандай түшүндүрүлүп келатат. Оголе көп божомол кептердин ичинен И.Сталиндин шекчилдиги, анын коммунисттик бийлигине анчалык баш ийбеген көкжал чечендерди биротоло тукум курут кылып, жашап келген жерин осетин, грузин, дагестандыктарга бөлүп берүү ниетин көздөгөндүгү кийинки кездери көп айтылууда. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дооронбек Садырбаевдин айтуусунда, И.Сталин менен Л.Берия Чеченстандын Грузия менен чектеш тоолуу аймактарын улутташтарына алып берүү максатын көздөшкөн.

- Негизи идея Л.Бериядан чыккан, аны И.Сталин да колдогон. И.Сталин менен Л.Берия ушул согуштан пайдаланып чечендерди депортация кылып, Орто Азия тарапка айдап ийип, алар жашап келген жерлерди –тоолуу, берекелүү, өрөөндүү жерлердин баарын Грузиянын составына кошуп алуу планы болгон.

Жарым миллионго жакын калкты күчтөп көчүрүү ишин СССРдин Ички иштер комиссарлыгынын атайын аскерлеринин жардамы менен үч күн ичинде, ашып барса алты күн ичинде көчүрүү башталган. Чоң кыргын-сүргүнгө айланбай, бир күн ичинде көчүрүлүүгө тийиш болгон калктын 20% поюзга салынганын, бирок да кар жаап, тоо жолунда жүрүү кыйын болгондон Галанчож районуна караштуу кыштактарда жашаган 6000 адамды убагында алып келүү кыйын болуп атканын, аларды эки күн кечиктирип жөнөтүшөөрүн Л.Берия И.Сталинге атайын кабарлаган.

Тоо арасында мындан 60 жыл илгери жасалган кандуу кыргындын изи дагы эле сакталып турганын Д.Садырбаев мындайча эскерет:

- Хайбах деген тоолуу жерде таш үйлөрдө жашаган эл бар экен. Ал жерге машина бара албайт. Ал жерде 700 үй-бүлө турган экен. Эми ар бир үй-бүлөдө үчтөн киши дегенде эле 2500 – 3000 адам болот да. 700 түтүн элди ошол жердеги Хайбах деген көлдүн жээгине айдап келишет. Аларды Орто Азияга жөнөтүлчү эшелондорго бир суткада алып келип айдап келип салыш керек деген буйрук болгон. Жөө-жалаңдаган эл Хайбах көлүнүн жээгине токтошот. Машинелерге жетиш үчүн дагы жарым сутка убакыт керек экен. Ал жерден алар Гвишианиге (Чечен автоном республикасынын ички иштер комиссары- ред.) рация аркылуу чыгып абалды түшүндүрүшөт. «Белгиленген мөөнөттө жете алгыдай эмеспиз, кары-картаңдар, колунда баласы бар аялдар бар экен, 8–9 саатта жете алгыдай эмеспиз»,- дешиптир. Ошондо жанагы Гвишиани деген “атып салгыла баарын” деген буйрук берген экен. Буйрук келгенден кийин Хайбах деген көлдү тегеректеп турган 3000 кишини пулемет менен кырып салышат.

Шамил Дениев Кыргызстанда төрөлгөн чечендердин өкүлү, “Барт” (“Ынтымак”) коомунун жетекчисинин орунбасары. Ал чечендерге боору ооруган кыргыздарга ыраазы:

- Чечендердин негизги бөлүгү Кыргызстанга келген. Ушул жагдай аларды көп кыйынчылыктан сактап калды. Заман өзгөрүлгөн менен кыргыз эли мурдагы кең пейилдигинен жазган жок, башкаларга окшоп бөтөндөрдү кодулаган жок, канына сиңип калган меймандостугунан жана элек. Ушундай мээрбан элге туш келип чечендердин кыйласы аман калды. Бирок, ырасмий маалымат боюнча эле жолдо келатканда чечендердин 37% жакыны кырылып калган. Кыштын суугунда тоңуп өлгөндөрдү көмүшкө шайы келбеген эл өлүктөрдү карга көөмп таштап кетүүгө аргасыз болушкан. Кийин жер ачылганда жергиликтүү калк аларды мүрзө казып көмүшкөн. Ошондой чечен мүрзөлөрдүн бири Казакстандын Павлодар шаарынын ортосунда турат. Казак агайындарга ыракмат, мүрзөнү бузбай, четин тосуп коюшкан. Биздин маалыматыбыз боюнча тоо арасында жашаган чечендердин көбүн, тактап айтканда 20% жакынын жашаган жеринде эле кырып салышкан. Анткени, аларды түзгө айдап келиштен эригишкен. Аларды сарайга камап туруп өрттөп жиберишкен.

Шамил Дениевдин айтуусунда, “Кавказ” деген сөз чечен тилинде “Азиянын дарбазасы” деген маанини түшүндүрөт:

- Алыска барбай эле совет бийлиги мезгилин алып көрөлү,- дейт Шамил Дениев, - Совет бийлиги тушунда чечен жеринин 49% гана өзүндө калып, калганы башкаларга берилди. 1957-жылы Моздок району Дагестанга берилди. Мен башкасын айтпай эле коеюн, урушту чечендер өзү баштабайт. Эч нерсенин шарпасы жокто 1993-жылы Белгияда Орусиянын коргоо министри П.Грачев НАТО менен сүйлөшүүлөр маалында бир полк аскери менен бир саат ичинде Грозный шаарын алып коем деп билдирүү жасады. Өзүн сыйлаган өлкөдө федерация тумунда турган жерине согуш ачкысы келген Коргоо министрин өтө эле жумшак дегенде кызматтан алышмак. Антиш кайдан, ошол П.Грачев кийин согушту баштады го. Бул согушту баштагандардын баары дайын, ошол эле П.Грачев, Г.Бурбулис, С.Шахрай. Азыр алардын баары коңулда. Согуштун башталышына ушул адамдардын финансылык кызыкчылыктары себеп болду.

Чечендердин кыргызга ыкласы өзгөчө ысык. Аны биз менен аңгеме курган депутат Дооронбек Садырбаевдин төмөнкү эскерүүсү айгинелейт:

- Чечендердин мамилеси кандай болот экен деп апапак калпагымды кийип алып Грозныйдын базарына барсам, эми силер ишенбейсиңер, базар кудум президент келгендей кыйсыпыр түшүп калды. Жакшы көргөн чечендер мени кучактап атып, кысып өлтүрүп кое ташташты.
XS
SM
MD
LG