Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:50

ИРАН: ДОБУШ БЕРҮҮ КАН ТӨГҮҮЛӨР МЕНЕН КОШТОЛДУ


Жума күнкү парламенттик шайлоонун толук жыйынтыктары чыга элек. Бирок эксперттер добуш берүүчүлөрдүн катышуусу рекорддук деңгээлде аз болгонун белгилеп жатышат. Ирандын диний лидеринин чакырыктарына карабай, добуш берүүгө укуктуу атуулдардын 50.57 пайызы гана шайлоого катышты.

Алдын-ала санактар көрсөткөндөй, Иран парламентинин көпчүлүк орундарын консерваторлор ээлеп калат өңдөнөт. Бирок реформачылардын көзөмөлүндөгү ички иштер министрлигинин соңку билдирүүсү алардын ишенимдүү жеңишине көлөкө түшүргөнсүдү. Жекшемби күнү министрлик электораттын 50,57 пайызы гана добуш берүүгө катышканын жарыялады.

Шайлоого чейин Тегеран режиминин төбөлдөрү калктын диний жана улуттук аң сезимине таасир этип, шайлоого активдүү катышууга үндөп келген эле. Ирандын диний лидери аятолла Али Хаменейи, атүгүл, бул саясий өнөктүктү “диний милдет” катары сыпаттаса, Көзөмөл кеңешинин төрагасы, аятолла Ахмад Жанати болсо “добуш берүү намаздай эле маанилүү” деп айтканы бар.

Буга кошумча улуттук сыналгынын алты каналы тең калкты шайлоо чөлкөмдөрүнө барып өз тандоосун билдирүүгө күндүр-түндүр үндөп келгени менен жума күнкү шайлоого катышкандардын саны 2000-жылкы парламенттик добуш берүүгө салыштырмалуу 17 пайызга аз болду.

Реформачыл маанайдагы саясатчылар болсо эки жарым миңдей талапкеринин шайлоодон четтетүлүүсүнө байланыштуу, тескерисинче, жумурай журтту “адилетсиз шайлоого” катышпоого үгүттөп келген. Реформачылардын көпчүлүгү дээрлик 46,5 миллион добуш берүүчүнүн 40-45 пайызы гана шайлоого катышат деп жоромолдогон эле. Баса, 290 орундук парламенттин 40ка чукул мандаты реформачыл талапкерлерге тиймей болду.

Айрым байкоочулар Ирандын бийлиги бул саясий өнөктүккө карата чоң шаарлардагы, өзгөчө баш калаадагы элдин пассивдүүлүгүнө кайдыгер боло албайт деген пикирде. Маселен, Тегеранда өз эркин билдиргендердин саны жума күнү араң эле 28 пайызды түздү.

Жергиликтүү саясий журналист Саид Лейлаздын пикиринде, ордо шаардагы мындай төмөн көрсөткүч олуттуу саясий мааниге ээ. Анткени элеттик майда шаарларда шайлоо улуттук деңгээлдеги өнөктүк катары эмес, биринчи кезекте, жергиликтүү, этностук же кландык маселе катары кабыл алынат.

Айрым батыш өлкөлөрү Ирандагы шайлоону адилетсиз катары баамдап, Тегерандын дарегине бир топ сын-пикирлерин билдиришти. Жекшембиде Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Хамид Реза Азефи Вашингтондун сынына кескин жооп кайтарды:

- Америкалыктар бул жактагы реалдуу демократияны кубаттабай турганын билебиз. Алардын сөздөрүнүн бардыгы тең кысым көрсөтүү, бир ызы-чуу чыгаруу иретинде гана айтылат. Менин ишенимимде, шайлоо эркин жана мыйзамдуу өттү.

Реформачыл маанайдагы саясатчылар болсо шайлоону “тарыхый утулуш” деп аташты.

Саясий өнөктүк айрым жерлерде кан төгүү менен да коштолду. Өлкөнүн түштүктөгү эки вилайетинде бюллетендерди саноодо келип чыккан кагылышуудан 7 киши набыт болгону, 38и жаракат алганы кабарланууда.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG