Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:05

КАР КӨЧКҮ КАЙГЫСЫ, ЫСЫККӨЛДҮН КЕЛЕЧЕГИ, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН МААНИСИ


Кабыл Макеш, Бишкек шаары 23- февралда окурмандардын колуна тийген “Вечерний Бишкек” басылмасында кар көчкүгө кабылгандарга көрсөтүлгөн жардамдар, Ысыккөлдө курула турган эларалык туристтик борбор, мамлекеттик тил колдоого муктаж экендиги тууралуу материалдар жарыяланды.

“Вечерний Бишкек” басылмасынын 23- февралда чыккан санында Бишкек- Ош жолундагы кар көчкүдөгү кырсыктан жабыр тарткандарга “Кумтөр” компаниясы 100 миң сом жардам которгонун кабарлады. Андан тышкары гезит Санкт- Петербургдун губернатору Валентина Матвиенконун Кыргызстандагы иш сапары тууралуу репортаж жарыялап, өлкөгө келүүнү каалагандардын самолетко батпай калганын, Санкт- Петербург - кыргыз интеллигенциясынын алтын бешиги болгонун жана эки тараптуу кызматташуу тууралуу макулдашууларга кол коюлганын жазды.

Кабарчы Эльза Кимдин билдиргенине караганда, Ысыккөл облусу менен Кытай эл республикасынын ортосунда көл жээгине эларалык туристтик борбор куруу тууралуу келишимге кол коюлду. Келишимде Кытай тарап борбордун курулушуна 1 миллиард 500 миллион юан бөлүп бермекчи. Ыссыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиеванын айтымында, келишимге ылайык көл жээгинен борбордун курулушу үчүн 830 гектар жер берилет. Көп жылдыздуу мейманкана, гольф аянты, 200 коттедж жана башка имараттар эларалык деңгээлге ылайык курулмакчы. Курулуш иштери быйыл башталып 2010-жылы пайдаланууга берилмекчи.

“Вечерний Бишкек” басылмасынын баш редактору Ольга Безбородова коомчулуктун талаш-тартышын жараткан “Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам тууралуу мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов менен маектешкен. Мамлекеттик катчы “эки элди кайраштырууга болбостугун, орус тили ырасмий тил болгон жана боло берээрин» айтуу менен кыргыз тили да колдоого муктаж экендигин белгилеген.

Шейшемби күнү чыгууга даярдалып жаткан “Агым” басылмасында кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды билдирди:

- Гезиттин экинчи жана үчүнчү беттеринде адаттагыдай эле саясат, парламенттеги сессиядан кабарлар, дүйнө жаңылыктарына орун берилүүдө. Бишкек-Ош жолунда кар көчкү жүрүп, далай киши кырсыктан набыт болбодубу, ушул кырсыктын чыгуу себептерин кабарчы Карамат Токтобаева иликтөөгө алган. Өкмөттүн кадр саясаты, мамлекеттик тил мыйзамы тууралуу макалалар да даярдалып жатат. Учурунда Горбачевдун саясаты туура эместигин ачык айтып, иштен айдалып, улутчул аталып куугунтукка кабылган Дөөлөс Айкеев тууралуу да макаланы окурмандарга сунуш кылып жатабыз.

24- февралда чыга турган “Республика” гезитинде “Арнамыс” партиясынын төрагасы Феликс Куловдун адвокаты Токторбек Ашыркул уулу менен болгон маектешүүгө орун берилип жатат. Басылманын кабарчылары Бишкектеги №3 автобазанын мыйзамсыз менчиктештирилгендиги тууралуу журналисттик иликтөө жүргүзүп, талдоого алганда ачылган фактылар тууралуу жазышат. Өлкөдөгү карылардын жашоо-тиричилиги, көкөй кести көйгөйлөрү тууралуу да макала түрмөгү даярдалып жатат.

Ошондой эле шейшемби күнү басыла турган “Аалам” гезитинде кандай макалаларга орун берилип жаткандыгы жөнүндө редактордун орун басары Кенжебек Арыкбаев:

- Акыйкат башкаруу жылы тууралуу «Куру кыйкырыктан курсак тоебу? деген макала, саясый баяндамачы Дыйканбек Садыковдун «Ооба, бизге да макроэкономика керекпи, бирок…» деген баяндамасы, Эркечтам чегарасынан кармалган 25 тонна темир тууралуу «Кытайга арылган кыргыз байлыгы» деген кабарды жана Үсөн Дайырбековдун «Президент-баш, губернатор-төш болсун» аттуу макаласына орун берип жатабыз.
XS
SM
MD
LG