Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:29

МОСКВАДА ЧЕЧЕНДЕРГЕ ЖАН ТАРТКАНДАР КАМАККА АЛЫНДЫ


Муса Мураталиев, Москва шаары http://gdb.rferl.org/46FE0CF8-E299-4B11-83EB-CBA56E5FC1A3_w203.gif Бүгүн Москвада чечендер менен ингуштардын Сталиндин буйругу астында сүргүнгө айдалганынын 60 жылдыгына арналган демонстрация болуп өттү. Пикетке келгендерди ОМОН кызматкерлери кууп таркатып, ондон ашуун кишини кармап кетишти.

1944-жылы 23-февралда чечендер менен ингуштар күч менен Борбор Азияга көчүрүлө баштаган. Алардын көбү ошондон тартып 1957-жылга дейре Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанда жашап турган.

Бүгүн Чеченстан менен Ингушетия мечиттеринде кыйын кездерде курман болгондордун арбагына багыштап куран окулду.

Чечендер менен ингуштар өз жеринен сүрүлгөнүнө 60 жыл толгондугун белгилеген иш-чара Москванын борборундагы Лубянка аянтында да өттү.

Советтик кезде адатка айланган 23-февраль күнү - аскер кызматындагылардын майрам күнү катары ушул убакка чейин Орусияда белгиленип келет. Бул жолку майрам кавказдык чечен, ингуш, балкар, кабарда, крымдык татар жана башка айрым майда элдердин Сталиндин буйругу менен Казакстан жана Орто Азияга сүрүлүшүнө 60 жыл толушу менен дал келди. Ошол себептүү Орусиянын ордо калаасында ал элдер тарткан азап-тозоктуу күндөрдүн алтымыш жылдыгына арналган демонстрация өттү.

Пикетти уюштургандардын бири, белгилүү укук коргоочу Лев Пономарев чогулгандарга кайрылды:

- Биз, митинг уюштургандар, сүргүнгө айдалганда курман болгон жүз миңдеген чечендердин элесине таазим этиңиздер деп кайрылабыз.

Демонстрацияны «Адам укугу үчүн» жана «Орусиялык радикалдар» кыймылдары уюштурган.

Белгилүү саясатчы Валерия Новодворская пикет маалында мындай талапты айтты:

- Демократиялык биримдик бийликтерден Чеченстандан федералдык аскерлерди чыгарып кетүүсүн жана Чеченстанды БУУнун мандаты менен коргоого алуусун талап кылат.

Бирок Лубянка аянтындагы 1944-жылы 23-февралда Сталиндин буйругу менен Борбор Азияга сүргүнгө айдалган чечен жана ингуштарды эскерүү каадасы тынч аяктаган жок. «Азаттыктын» Маскөөдөгү бюросунун кабарчысы Олег Кусовдун билдиргенине караганда, арадан жарым саат өтпөй, милициянын атайын бөлүгү - ОМОН кызматындагылар чогулган элди таркагыла деп кууй баштады.

Лубянкадагы иш-чара «Адам укугу үчүн» кыймылынын жетекчиси Лев Пономарев менен «Орусиялык радикалдар» кыймылынын катчысы Николай Храмовду кармап кетүү менен тамам болду. Милиция алардан сырткары пикетке чыккандардын ичинен башка дагы 11 кишини кармап кетти.

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, алар митинг өткөрүү үчүн киргизген өтүнүчтү бийлик четке кагып, уруксат бербей койгон. Ошол себептен митинг эмес, пикет уюштурулган. Бийликтин өкүлдөрүнөн билдиргенине караганда, пикет үчүн деп чогулгандар уруксатсыз жыйын өткөрүшкөн.

ИНТЕРФАКС агенттигинин жазганына караганда, кармалгандар байтактынын «Кытай шаар» ички иштер бөлүмүндө жатышат. Ошол эле булактын маалымдашынча, пикетке ар кайсы уюмдардын жана кыймылдардын мүчөлөрүнөн жүздөн ашуун киши катышкан.

Пикет маалында кармалып кеткендердин адвокаты Карина Москаленко ИНТЕРФАКС агенттигине мындай деп билдирди: «Н.Храмов менен Л.Пономаревду ички иштер бөлүмү 3 сааттан ашык кармабашы керек эле, бирок «Кытай шаар» жана Басманная ички иштер бөлүмдөрү кармалган кишилерди эмдигиче койо берише элек. Бул - мыйзамды бузууга жатат».

Соңку маалыматтарга караганда, «Адам укугу үчүн» кыймылы бийликти сотко бере тургандыгын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG