Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:54
БИШКЕК. 2004-жылдын 30-январында Жалалабад облусунда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун баракчаларын таркатышкандыгы үчүн кармалган 6 атуул милиция кызматкерлери тарабынан сабалган деген арыздар боюнча тергөө иштери улантылууда. Тергөөнү жүргүзүү үчүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен турган атайын комиссия түзүлдү. Азырынча комиссия бул атуулдар мыйзам чегинде кармалгандыгын тастыктады. Бул жөнүндө бүгүн Ички иштер министринин биринчи орун басары Болот Ногойбаев «Фридом хауз» эл аралык уюмунун кайрылуусуна байланыштуу «Кабар» агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйынында билдирди. Ногойбаевдин айтымында, эгер «Хизб ут-Тахрир» уюмунун баракчаларын таркаткандыгы үчүн кармалган атуулдарды Жалалабад облусунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери уруп-сабагандыгы далилденсе, алар мыйзам чегинде жоопко тартылышат. Ал эми Жалалабад облусунун ички иштер башкармалыгы кармалган атуулдар 3 саатка чейин гана суракка алынып, бошотулушкандыгын жана алар милиция кызматкерлери тарабынан уруп-сабалбагандыгын билдирүүдө. Ал эми «Фридом Хауз» эларалык укук коргоо уюму 20-февралда Кыргызстандын тартип коргоо органдары кармалган атуулдарды кыйноону токтотушу керек деген кайрылуу менен чыккан. Маалымат жыйынында министрликтин басма сөз катчысы Жолдошбек Бусурманкулов "Фридом Хауз" 11-сентябрды унутуп калганбы?" деген пикирин айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG