Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:08

Дублинде СПИДке каршы күрөшүү боюнча эларалык жыйын ачылды


Ирландиянын борбору Дублинде СПИДке каршы күрөшүү боюнча Европа жана Борбор Азиянын 55 өлкөсү катышкан эки күндүк жыйын башталды. Ирландиянын тышкы иштер министринин орун басары Том Китт жыйында сүйлөгөн сөзүндө СИПДке каршы күрөштү координациялоо үчүн Евробиримдикти атайын элчи дайындоого чакырды.
СПИДди жайылтуучу ВИЧ-инфекциясы акыркы жылдары Чыгыш Европа менен Борбор Азияда өтө ылдам жайылып барат.Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, ушу тапта бул региондо ВИЧ вирусу жуккан 2 миллиондой адам бар.
1995-жылы Чыгыш Европа жана Борбор Азияда коркунучтуу вирус жуккан адамдардын саны 30 миң чукул болчу.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG