Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:27

Ирактын коопсуздук күчтөрү дагы көбөйтүлөт


Кошмо Штаттардын коргоо министри Доналд Рамсфелд Багдадда Ирактын жаңы түзүлгөн Жарандык коргонуу корпусунун мүчөлөрү менен кездешти. Жолугушууда өлкөдөгү бийликти америкалык убактылуу администрациядан ирактыктардын өздөрүнө өткөрүп бергенге чейин, Ирактын коопсуздук күчтөрүн дагы көбөйтүү маселеси талкууланды. Вашингтон 15-майга чейин Багдаддагы айрым америкалык аскерлерди Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн 12 миң жоокери менен алмаштырууну мерчемдеп жатат.

Ирактын түндүгүндөгү Киркук шаарынын полицияканасынын жанында таң эртең жанкечти жардырган автомобилден он киши өлдү, 20дан көп адам жарадар болду.
Жардыруу полицияканага коңшулаш турган имараттар менен автомобилдерге катуу зыян келтирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG