Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Гаагадагы сотто Израил курган коргондун мыйзамдуулугу каралууда


Нидерландиянын Гаага шаарындагы Эл аралык сотто Израилди палестиналыктар жашаган Батыш Иордандан бөлгөн бетон коргондун курулушунун мыйзамдуулугу боюнча угуулар башталды.
Палестина автономиясынын Улуттар Уюмундагы өкүлү Насер ал-Кидва ташкоргон Израилдин оккупациясын бекемдөө үчүн курулууда деп билдирди:

- Бул дубал курулуп жатат, ал бүтүндөй Палестина аймагында курулууда. Бул коопсуздук үчүн курулган дубал эмес. Бул оккупацияны бекемдөө жана палестиналыктардын жеринин чоң бөлүгүн тартып алуу үчүн жасалды.

Израил өкмөтү коргон террордук чабуулдан сактануу үчүн куралганын айтып, Гаагадагы сотко бойкот жарыялаган.
Израилдин коргоо министри Шаул Мофаз палестиналык жанкечтинин жекшемби күнү Иерусалимде автобусту жардыруусу “коопсуздук дубалын” куруунун зарылдыгын тастыктаарын билдирди:

- Бул террордук чабуул дубал адамдардын өмүр сактоочу коргон катары өтө зарыл экенин айкын көрсөттү.

“Ал-Аксанын азаптуулар биригадасынын” согушчаны Иерусалимде жардырган бомбадан сегиз жүргүнчүнүн өмүрү кыйылган болчу.
АКШ менен Евробиримдик Гаага сотунун Израилдин “коопсуздук коргону” боюнча угуу өткөрүүсүнө каршы чыкты. Бирок, чепдубалдын Батыш Иорданга терең кирип кетүүсүн сындады.
Батыш Иорданда коргондун курулушуна каршы миңдеген палестиналыктар катышкан демонстрация өттү.
Израилди жактоочулар болсо Гаага сотунун алдында үнсүз демонстрацияга чыгышты.

XS
SM
MD
LG