Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:41

ЭЛ АРАЛЫК СОТТО ИЗРАИЛ КУРГАН ДУБАЛДЫН МЫЙЗАМДУУЛУГУ КАРАЛА БАШТАДЫ


Дүйшөмбү күнү Гаагадагы Эл аралык сот Израил Иордандын Батыш жээгинде коопсуздук дубалын курушунун мыйзамдуулугун териштирүүнү баштады. Жогорудагыдай өтүнүч менен сотко БУУнун Башкы ассамблеясы кайрылган эле. Бирок Израил сот жараянын бойкоттоодо. Жөөт бийликтеринин пикиринде, Эл аралык соттун мындай маселени кароого укугу жок.

Израил узундугу 728 чакырымды түзүүчү жана өлкөнү Палестинанын аймактарынан ажырата турган коопсуздук дубалы ириде калкты жанкечтилердин чабуулунан коргоо үчүн зарыл экенин айтып келүүдө. Палестин тарап болсо мунун тескерисин ырасташат. Алардын пикиринде, дубалды куруудагы башкы максат-буга чейин оккупацияланган аймактар менен катар жаңы жерлерди да биротоло ээлеп алуу. Палестин тараптын өкүлү Насер ал- Кидва бүгүн сот жараяны башталганда төмөнкүлөрдү билдирди:

-Бул дубал толугу менен палестин аймактарында курулууда. Израил аны коопсуздук максатында тургузуп жаткан жери жок. Дубал оккупацияланган аймактар бекитип берилгенин, Израил иш жүзүндө палестин жерлеринин басымдуу бөлүгүн тартып алганын билдирет.

Ал эми аталган соттун мындай маселени кароого юрисдикциясы жок деп эсептеген Израил сот жараянын бойкоттоодо. Ал өз билдирүүсүн жазуу түрүндө жөнөткөн. Анткен менен Гаагага эки жактан тең демонстранттар келди. Маселен палестин тарап дубалдын курулушунан улам жерлери кесилип алынган фермерлерди жөнөтсө, израилдиктер жекшемби күнү Иерсулаимде жардырылган автобустун кузовун өзүлөрү менен кошо ала келишти. Гаагадагы соттон бир күн мурда жасалган жардыруудан аны ишке ашырган жанкечтиден башка сегиз адам каза таап, алтымыштан ашуун киши жарадар болгон эле. Бул кандуу окуя үчүн жоопкерчиликти "ал-Акса бригадасынын шейиттери" деп аталган согушчан топ өзүнө алды. Израилдин коргоо министри Шаул Мофаздын айтымында, соңку бомба чабуул коопсуздук дубалды куруунун зарылдыгын дагы бир жолу далилдөөдө:

-Бул террордук чабуул израилдиктердин өмүрүн сактоонун аспабы катары дубалды куруунун толук зарылдыгын көргөздү.

Жекшемби күнкү бомба чабуулду палестин бийликтери да айыпташты. Премьер-министр Ахмед Кореи белгилегендей, анын өзгөчө ушул күндөрү болгону палестин элинин кызыкчылыгына каршы келген иш.

Курулушу расмий түрдө 2002-жылдын июнь айында башталган дубалдын азыр 100дөн ашуун чакырымы тургузулуп калды. Гаагадагы Эл аралык сотко аталган курулуштун мыйзамдуулугун териштирүүнү өтүнүп, былтыр декабрь айында БУУнун Башкы ассамблеясы кайрылган эле. Израилдин мындай аракетти эл аралык мыйзамдарга каршы келет деп эсептеген Башкы ассамблеясы мунун алдында жөөт бийликтерин курулушту токтотууга да чакырган. Дубалдын багытын же башкача айтканда ал палестиндер өз аймагы катары эсептеген жерлердеги жөөт конуштарын да камтып жатышын АКШ менен Европа биримдиги да сынга алган. Бирок алар талаш юридикалык негизде эмес, саясий жол менен чечилишине артыкчылык беришет. АКШ менен Европа Биримдигинин көз карашында, бул окуя Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жараянын татаалдантышы мүмкүн. Британ тышкы иштер министри Жек Стро сот башталганына байланыштуу мындай деди:

-Европа биримдигинин, Британиянын туруму боюнча бул маселенин Эл аралык соттун кароосуна берилиши, угууга тараптардын биринин гана тартылышы толугу менен ылайыксыз. Израил эл аралык соттун юрисдикциясын таануудан баш тартты. Эл аралык сот анын юрисдикциясын тараптар түгөл тааныганда гана натыйжалуу иштейт.

Гаагадагы сот алгачкы үч күндүн аралыгында дубалдын курулушуна каршы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнүн ой-пикирлерин угат. Ал эми кандайдыр бир чечим бир нече айдын ичинде гана кабыл алынчудай. Бирок эл аралык соттун чечими БУУнун Башкы ассамблеясына сунуш ирээтинде гана болот. Айрым эксперттердин пикиринде, кокус соттун сунуш ирээтиндеги чечими палестин тараптын пайдасында болсо, Израилге карата эл аралык санкциялардын киргизилишине жол ачылышы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG