Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:55

Британия эмгек мигранттары боюнча жаңы тартип кабыл алды


ЛОНДОН. Британия Европа биримдигине мүчө мамлекеттерден келиши күтүлүп жаткан жумушсуздар үчүн эки жылдык жаңы тартипти киргизди. Ага ылайык Британияга келүүчү эмгек мигранттарынан эми ишке уруксат берүүчү атайын документ талап кылынбайт. Бирок Британиянын тышкы иштер министри Дэвид Бланкеттин парламентте сүйлөгөн сөзүнө караганда, ар бир мигрант өзүнчө каттоодон өткөрүлөт жана эгер алар эки жылдын ичинде өз жанын-өзү багып кете албаса өлкөдөн чыгарылат. Дэвид Бланкеттин айтымында, жумушсуздарга жөлөкпул төлөнөт, бирок мигранттар дагы өлкөгө жардам берүүгө чын дитинен дилгир болууга тийиш. Эсиңиздерге сала кетели, Британия менен Ирландия быйыл май айында Евробиримдикке кирип жаткан мамлекеттердин арасынан эмгек мигранттарына чек койбогон бирден бир өлкөлөр болуп эсептелет.

Таңкы жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Кубат Оторбаев, Прага шаары

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG