Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:44

Ирандагы шайлоо эларалык коомчулуктун сынына кабылууда


ВАШИНГТОН. Иранда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары эларалык коомчулуктун сынына кабылууда. Европа биримдиги шайлоону демократиядан чегинүү катары баалады. АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер Иранда өткөн шайлоо эларалык нормаларга жооп берген жок деп билдирди. Шайлоонун жыйынтыктары бурмаланганы да ачыкка чыга баштады. Ирандын ички иштер министрлигинин интернет-баракчасында жарыяланган беш шаардагы шайлоонун жыйынтыктары ал шаарлардагы шайлоочулардын санына туура келбей турганы маалым болду. Мисалы, Ирандын түндүк-батышындагы Варзган шаарында 39 536 шайлоочу добуш берди деп айтылат, бирок шаарда болгону 37 миңдей гана шайлоочу бар. Ушундай эле туура эмес көрсөткүчтөр Семиром, Лордеган, Мамазани жана Полдохтар шаарларында аныкталды.

XS
SM
MD
LG