Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Иракта шайлоо өткөрүүгө кеминде 8 ай убакыт керек


БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУ. Бириккен улуттар уюму Иракта шайлоо өткөрүүгө жардам берүүгө даяр, - деп билдирди БУУнун баш катчысы Кофи Аннан кечээ Токиодо журналисттерге. Аннандын айтымында, бирок Улуттар уюму Кошмо Штаттары бийликти ирактыктардын өзүнө өткөрүп бергенден кийин гана, 30-июндан соң жардам бере алат. Уюмдун шайлоолор боюнча адиси Карина Перрели айым Кофи Аннандын айткандарын бекемдеп, Иракта мыйзамдуу шайлоо өткөрүш үчүн эң кеминде 8 ай убакыт керектигин билдирди:
– Биз Ирактын жашоочулары ичара ымалага келип, жакшы уюштурулган, нукура шайлоо өткөрүү боюнча макулдашууларга жетишүүгө эң кеминде 8 ай убакыт керек деген жыйынтыкка келдик.

XS
SM
MD
LG