Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:50

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ЭЛДИН ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮДӨН ХХ КЫЛЫМДЫН БАШЫНДА ПАДЫШАЛЫК ТӨБӨЛДӨР ДА БАШ ТАРТПАПТЫР


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Мыйзам чыгаруу жыйыны «Мамлекеттик тил» жөнүндөгү мыйзамды кабыл алган соң, кээ бир саясатчылар анын айрым беренелерин кескин сынга алып, алар кыргыз тилин үйрөнүүгө, аны коомдук турмушта эркин пайдаланууга, кызмат адамдарынын бул билишинин зарылдыгына каршы болууда. Мына ушундай эле талаш-тартыштар Совет доорунда гана эмес, Орусиянын падышачылыгы учурунда да болуп, натыйжада чөлкөмдө кызмат өтөгөн падыша төбөлдөрү жергиликтүү элдин тилин билиши, үйрөнүшү зарыл деген бүтүм чыгарылат. Мындай бүтүм 1906-жылы 7-февралда Түркстан Генерал губернаторунун атайын Жарлыгы менен бекемделген.

Албетте, тарыхка кылчайып, өткөн доор менен азыркы эгемендик доорду салыштырып болбойт. Бирок, тарыхтан сабак алып, аны ар убак пайдалана билүү бул адам баласынын улуу касиеттеринин бири эмеспи. Мына ушул жагдайдан алганда ар бир тарыхый шартка ылайык тилге карата мамиле ар кандай болуп келген. Анын оң жагы да, терс жагы да арбын болгон. Тилге жасалган ошондой мамиленин бир үзүмүн оторчулук доордо Түркстан чөлкөмүндө жүргөн талкуудан жана атайын кабыл алынган Жарлыктан көрүүгө болот.

Адатта оторчулук доордо жергиликтүү элдерге мамиле катаал болуп, алардын укуктары ар тараптан бузулуп турганы тарыхтан маалым. Атайын орусташтыруу саясатынын арааны жүрүп, жергиликтүү элдин үрп адаты, салты, дини тили басмырланып турган.

Мына ушундай катаал заманда Орусиядан келип эл башкарган бардык бийлик төбөлдөрү жергиликтүү элдин тилин милдеттүү түрдө үйрөнүүсү зарыл деген маселе көтөрүлгөн. Анын демилгечиси жергиликтүү элдин өкүлдөрү эмес, падышалык админстрациянын төбөлдөрү болгон. ХХ кылымдын башында Орусия империясынын Түркстан чөлкөмүн башкарып турган өкүлү, генерал губернатор Деан Иванович Суботич 1906-жылы 7-февралда «Жергиликтүү элдин тилин, үрп адатын башкаруучу төбөлдөр милдеттүү түрдө үйрөнүүсү жөнүндөгү» Жарлыгын чыгарат.

Жарлык «Түркстан чөлкөмүндө жергиликтүү элдин тилин, маданиятын, үрп адатын эл башкарган кызматкерлердин билбөөсү акылга сыярлык көрүнүш эмес» деген сөздөр менен башталган. Жарлык «Түркестанские ведомости» гезитинин 1906-жылдагы 44-санына басылган. Андан соң Жарлыктын аткарылышы тууралуу гезит бетинде жарым жыл бою кызуу талкуу башталган. Талкууга ошол кезде Түркстан чөлкөмүндө кызмат өтөгөн падышалык төбөлдөр, окумуштуулар аралашып, алардын пикирлери февралдан август айына чейин гезит бетине басылып турган. Талкууга белгилүү окумуштуу, Академик В. Бартольд да аралашып, ал өз сунуштарын гезиттин 63-санына жазган. Өз макаласында Академик В. Бартольд:

- Тилди үйрөнүү үчүн ал элдин үрп адатын, тарыхын терең үйрөнүү керек. Ошондой эле тил үйрөнүү үчүн атайын окуу китептерине конкурс жарыялансын. Ал эми башкаруучу төбөлдөргө жергиликтүү элдин тилин үйрөнүү үчүн бир жылдык мөөнөт жетиштүү, - деген сунуш менен чыккан.

Эң негизгиси, генерал-губернатордун жогорудагыдай жарлыгынан жана белгилүү чыгыш таануучу В. Бартольддун бийликтеги адам тилди 1 жылдын аралыгында үйрөнүүсү зарыл деген сунушунан кийин бир дагы чиновник Түркстанды таштап Орусияны көздөй көчүп кетпептир. Тескерисинче, Орусиянын борборунан Түркстанды карай көчүп келген келгиндердин саны жылдан-жылга өсүп отуруптур. Ал түгүл 6 ай бою жүргөн талкуу учурунда жергиликтүү элдин тилин үйрөнүүгө каршы эч кандай кайчы пикирлер айтылбаптыр.
XS
SM
MD
LG