Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

ТАЛАШТАН БАШЫ ЧЫКПАГАН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ МЫЙЗАМЫ, ЖАҢГАК УЮЛДУН ИКАЯСЫ, СУУ КОРКУНУЧУ


Европа Кеңеши улуттук мыйзамдарда мамлекет башчы, саясий ишмерлерге өзгөчө жеңилдиктер берилиши туура эместигин ырастаган атайын жарлык кабыл алды. Еврокеңештин министрлер комитетинин пикиринде саясий ишмерлердин аракети коомчулуктун көз алдында болушу керек жана маалымдоо каражаттарында сынга алынышы зарыл. Мамлекеттик тил мыйзамынын айланасындагы саясий талаш жакындан бери трайбалисттик өң-түс ала баштады.

«Мамлекеттик тил» жөнүндөгү мыйзам парламентте кабыл алынгандан бери анын айланасында ар кыл саясий оюндар ойнолуп келет»-деп жазат шейшембидеги “МСН” гезитинде Рина Приживойт. Журналисттин жазганына ынансак, “Агым” гезити Кыргызстанда трайбализмдин күнү тууп жатканы жөнүндө орусча макала жарыялаган. Макала авторунун айтымында, мамлекеттик тил мыйзамына кол коюлуп калса, андан азыркы бийликке ичи чыкпагандар гана утушка ээ болуп, бийлик ээлери отурган ордунан ажырап калышы ажеп эмес экен.

Р.Приживойттун пикиринде, мамлекеттик тил мыйзамына кол койгондон же аны четке түртүп таштагандан президент утулбайт. Бул жерде саясий оюн бийликти колдон чыгарбоо, тил мыйзамын колко кылып кезектеги мөөнөткө кызматтан кетпей отуруу амалы жасалууда. “Кыргызстандын кийинки президенти түндүктөн, түштүктөн же бөтөн планетадан болушунун карапайым калкка кылча айырмасы жок. Жээрге нан табуунун аргасы менен көпчүлүктүн күнүмдүк тирилиги өтүп атпайбы”, - деп жазат Рина Приживойт.

«Европа Кеңешинин министрлер комитетинин президент жана башка саясий ишмерлерге улуттук мыйзамдарда укуктук жеңилдиктер берилиши туура эместигин ырастаган жарлыгы Кыргызстан менен Казакстанга багышталып жазылгандай», - деп комментарийледи “МСН” гезити. Басылманын ырасташынча, Европа Кеңеши ушул жылдын 12-февралында мамлекет жетекчилери менен саясий ишмерлердин укугу адам укугунан жогору болбостугун ырастаган жарлыгы Кыргызстандын саясий турмушу европалык демократия нормасынан ат чабым алыс экенин айгинеледи.

Басылмада “Оберон” базары менен Оштогу акча алмашуу жайында жардырууну уюштурган жанкечтилерди Кыргызстандын аскер соту өлүм жазасына өкүм кылгандыгы тууралуу материалга да орун берилген.

«Мамлекеттик тил» жөнүндөгү мыйзам боюнча талашка шейшембидеги “Кыргыз туусу” гезитинде акын Эсенгул Ибраев үн кошту. “Сапыра элек эгиндей топон басып, Самопалга айланды сөздөр дагы” - деп, акын сөздөрдүн майдаланып баратканына зээни кейип жазат. Ушул эле темага М.Тентимишевдин “Эне тилим ассамблеяда сүйлөнбөсө да...” деген макаласы арналган. “Эне тилибиздин ондогон жылдар бою тебелендиге салынган шырдак сыяктуу барксыз калып келгенине орустар жана орус тили айыптуу эмес. Ага биринчи кезекте, саясий фанатизмге чейин жеткен бир беткейлик, өзүбүздүн тайкылыгыбыз, наадандыгыбыз, көшөкөрдүгүбүз, колдогу алтынга баа бербестигибиз айыптуу болду!” - деп жазат автор.

Президент А.Акаев Орусиянын мамлекет башчысы менен жолугушканын шейшембидеги “Кыргыз туусу”, “Эркинтоо”, “Слово Кыргызстана” гезиттери маалымдашты. “Слово Кыргызстана” 20-февралда Алматыда өткөн Борбор Азия кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин кеңешмесинин жыйынтыгына арналган маалымдаманы жарыялады. Жыйынга катышкан Өзбекстан менен Казакстан министрлери Шардара суу сактагычындагы кыйын кырдаалды айтышып, Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан кое берчү сууну көбөйтпөө өтүнүчүн билдиришти. Жыйын катышуучулары проблеманы талкуулап чыгып, мындан ары бул жаатта алдын-ала макулдашылган саясат жүргүзүү зарылдыгын туура көрүштү. «Кыргызстан тартып аткан зыянына карабай сууну көп агызбай, башта кол койгон макулдашуу шартын аткара тургандыгын маалымдаганы кыйла кызуу башталган жыйынды иштиктүү нукка көчүрдү»-деп белгилейт гезит автору. Алматы жыйынында биргелешкен суу-энергетикалык консорциум түзүү маселеси дагы талкууга алынган.

Түштүктүн жаңгак токоюнун абалы жылдан-жылга начарлап, жаңгактын уюлун чет өлкөгө жашырын сатып баюунун кыныгын алган шылуундар көбөйүп жатканын шейшембидеги “Вечерний Бишкек” гезити жазды. Бир жаңгактын уюлун казып алыш үчүн ага барчу жолдогу 100–200 түп дарак кыйылат. «Кайталангыс жаңгак токою минтип кыйылып турса жакында дүпүйгөн токойдун ордуна сопойгон дүмүрлөр гана калат», - деп жазат Абдрашит Урбаев.
XS
SM
MD
LG