Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:04

Өзбек соту алты жылдык абакка кесилген аялды бошотту


Өзбекстан соту бүгүн атайын чечим кабыл алып, мурда алты жылга эркинен ажыратылууга кесилген Фатима Мукадырованы абактан бошотту. Алтымыш экидеги Мукадырова эми 280 долларга тете айып төлөөгө тийиш. Анын уулу мурда исламдык экстремизмден күнөөлөнүп, камакка алынган жана Мукадырованын айтымында, абакта кыйналып өлтүрүлгөн. Энеси ага каршылык көрсөткөндө, бийлик аны да кармап абакка кесип салган. Мукадырова Өзбекстанга АКШ коргоо министри келээри алдында бошотулду.

XS
SM
MD
LG