Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:31

Террор аракеттерин моюнга алуу менен Ливия эл аралык мамилелерин оңдоодо


Ливиянын премьер-министри Шокри Ганем кечээ күнү Лондондо сүйлөп, Локкерби террор аракети үчүн Ливия жооптуу эмес, бирок ал үчүн жоопкерчиликти өзүнө алуу менен Триполи өзүнүн эл аралык мамилелерин оңдоп алууга аракеттенүүдө деп билдирди. Шотландиянын Локкерби шаарынын үстүндө 1988-жылы кыйраган учакта курман болгон 270 адамдын туугандарына Ливия эки миллиард 700 миллион доллар кенемте төлөп берүүгө макул болгон. Өткөн декабрда Ливия өзөктүк курал өндүрүү программасынан баш тарткан жана азыр - ага каршы мурда жарыяланган чектөөнүн баарын алып салууну суранууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG