Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:28

Түндүк Кореянын өзөктүк программаларына арналган жаңы жыйын эртең башталат


Эртең Бээжинде Түндүк Кореянын өзөктүк программалары боюнча төрт тараптуу жаңы эл аралык жыйын башталат. Ага АКШ, Кытай, Орусия жана Түштүк Кореянын өкүлдөрү катышат. Биринчи сүйлөшүү өткөн жылы августта өткөрүлгөн. Декабрда болсо Түндүк Корея жетекчилиги өзүнүн өзөктүк программаларын токтоткону тууралуу жарыялаган, бирок ал үчүн Америка Кошмо Штаттарынан кошумча экономикалык жардам сураган. Вашингтондун айтымында, алдын ала Түндүк Корея өз куралдарын жок кылууга тийиш.

XS
SM
MD
LG