Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:22

Бириккен Улуттардын айтымында, 2005-жылга чейин Иракта шайлоо өткөрүү кыйын


Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, Ирак элине демократиялык өкмөт тандап алууга жардамдашуу үчүн Бириккен Улуттар милдеттүү. Ал тууралуу Аннан бүгүн Токио шаарында Жапан парламентинде чыгып сүйлөгөндө билдирди: "Оккупация аяктаары менен өлкөдөгү кооптуу абал дагы аяктайт деп күтпөш керек. Эгер биз өзүбүзгө жүктөлгөн милдеттин баарын аткарсак кана, эл аралык кызматкерлерди Иракка туруктуу негизде жиберсек гана коопсуз абал түзүлөт". Бириккен Улуттар кечээ күнү атайын билдирүү жасап, 2005-жылга чейин Иракта жалпы элдик шайлоо өткөрүү мүмкүн эмес деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG