Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

БУУ ИРАК БОЮНЧА БАЯНДАМАСЫН АЧЫКТАДЫ


Дүйшөмбү күнү кечинде БУУнун баш катчысы Коффи Аннан Ирактын саясий келечегине байланышкан сунуштарды камтыган докладын шардана кылды. Уюмдун атайын тобу даярдаган баяндамада Иракта эркин жана адилет шайлоо өткөрүү үчүн кеминде 8 ай убакыт талап кылынаары белгиленет. Ага чейин бир топ техникалык маселелер чечилүүгө тийиш.

Доклад Коффи Аннандын атайын өкүлү Лахдар Брахими жетектеген эксперттер тобунун иликтөөлөрүнүн негизинде даярдалган.
Өткөн аптада Иракка барып келген адистердин аныктамасында, өлкө калкынын басымдуу көпчүлүгү жаңы өкмөттү түз шайлоо жолу менен тандоону каалайт. Муну менен бирге, ирактыктар ошондой шайлоону 30-июнга чейин уюштуруу мүмкүн эместигин да жакшы түшүнүшөт. 30-июн Ирактагы бийликтин коалициядан жергиликтүү башкаруучулукка өткөрүлүп берүү мөөнөтү катары белгиленген.

Шейшембиде Токиодо жапон парламентинин алдында сүйлөгөн сөзүндө Аннан:

- Улуттар уюмунун миссиясы аныктагандай, демократиялуу жетекчилик түзүү жана кайра куруу процесси үчүн шайлоо маанилүү кадам экенин ирактыктар жакшы түшүнүшөт. Жана бул идеяны бир добуштан жакташат. Аны менен бирге, өткөөл өкмөт бийликти 30-июндан калбай өткөрүп алууга тийиш. Тилекке каршы, 2004-жылдын 30-июнуна дейре адилет шайлоонун өтүшү мүмкүн эмес.

Ирактыктардын ой-санаасын билүү озуйпасы жүктөлгөн топтун адистери утурумдук өкмөт маселесине карата пикирлер карама-каршы экенин белгилеп, шайлоого даярдыктар кандай болушу керектиги жөнүндөгү сунуштары менен эле чектелди.

Докладда айтылгандай, калыс шайлоо өткөрүү үчүн 8 айлык даярдыктар талап кылынат.

БУУнун шайлоолор боюнча эксперти Карина Перелли чечиле турган кээ бир негизги маселелерге токтолду. Анын айтымында, асыресе, добуш берүүгө укуктуу атуулдар, алар кандай негизде аныкталаары, шайлоонун чөлкөмдүк системасы, добуштарды саноо механизми жана башка ушул өңдүү суроолор такталууга тийиш.

Докладда ырасталгандай, добуш берүүгө камылгалар иретинде, биринчи кезекте, көз карандысыз шайлоо комиссиясы түзүлүүгө тийиш. Ирактыктар үчүн шайлоонун эркин жана айкын болушу өтө маанилүү, - дейт Перелли айым.

- Калк арасындагы ишенбөөчүлүк жагдайында, менимче, ирактык шайлоочулар көз карандысыз шайлоо коммиссиясына башка органга, айталы Ички иштер министрлигинин департаментине караганда, көбүрөөк ынанышат.

Комиссия кандай куралаары ирактыктардын иши, бирок БУУ бул жаатта аларга жардамчы боло алат, - деп айтылат уюмдун докладында.

БУУнун эксперттери өлкөдөгү коопсуздук кырдаалына да басым жасашты. Шейшембиде баш катчы Коффи Аннан уюмдун өкүлдөрүнүн Иракка кайтып барышы үчүн ал жердеги коопсуздук абалы жакшырууга тийиш деп белгиледи:

- Оккупациянын аякташы менен автоматтуу түрдө туруктуулук орнойт деген ойдон алыспыз. Бирок бизге жүктөлгөн ролдун толук аткарылышы үчүн коопсуздук эң маанилүү нерсе.

Ошентип, азырынча Иракта шайлоо өткөрүүгө керектүү шарт жок. Эми өткөөл өкмөттүн курамы боюнча консенсуска жетишүү зарыл. Бирок, алдыда айтылгандай, өткөөл жетекчилик кантип куралаары жөнүндөгү маселе уюмдун докладында такталып көрсөтүлгөн жок.

XS
SM
MD
LG