Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:50

Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясынын жыйыны өттү


КАРАКОЛ. Жыйында Ысыккөл облусунун губернатору Токон Шайлиева аңчылык кылууга, балык кармоого лицензия берүү, токой кыюуга чек коюу зарылдыгын жана пансионат баштаган бардык мекемелер облустук юстиция башкармалыгынан сөзсүз катталышы керектигин билдирди. Райондук жергиликтүү бюджетти аткара албаган Түп району менен Аксуу райондорунун акимдерине сөгүш жарыяланды. Аксуу району жер салык үчүн 5 млн. 300 миң, Түп району 9 млн. сом төлөбөгөндүгү кабарланды. Облустук айыл чарба секторунун башчысы Эгембердиев талаа жумуштарына даярдык башталганын,бирок, күйүүчү май менен камсыздоо начар экенин айтты. «Чыгыш электр тармагы» акционердик коомунун жетекчиси Рыскелди Турдубаевдин билдирүү боюнча, облустун электр энергиясы үчүн карызы 170 млн. сом болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG