Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:20

Евразия Экономикалык шериктештигинин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өткөрүлөт


БИШКЕК. 27-февралда Казакстанда Евразия Экономикалык шериктештигине кирген мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өткөрүлөт. Ага Кыргызстандын өкмөт башчы Николай Танаев баш болгон делегациясы катышат. Буга байланыштуу бүгүн Алматы шаарында Евразия Экономикалык шериктештигинин алдында туруктуу иштеген комиссиянын жыйыны башталды. Отурумда шериктештикке кирген өлкөлөрдүн ортосундагы энергетика, айыл чарба тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү багытында документтердин долбоору талкууланууда. Ага Кыргызстандын Евразия Экономикалык Шериктештигиндеги өкүлү Базарбай Мамбетов катышууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG