Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:58

Укук коргоочулар чогулуш, пикет өткөрүү жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүүгө кызыкдар


БИШКЕК. Кыргызстандагы бир катар укук коргоо уюмдар атуулдардын тынч, куралсыз эркин жыйындарды, пикет, митинг, жөө жүрүштөрдү өткөрүүгө болгон укуктары жөнүндөгү мыйзамга толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүшүүдө. Бул тууралуу бүгүн «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, 2002-жылдын июнь айында парламент тарабынан кабыл алынган «Пикет, митинг, жөө жүрүштөрдү өткөрүүнүн эрежелери» жөнүндөгү мыйзамда бири бирине каршы келген беренелер бар. Маселен, мыйзамдын 3-беренесинде тынч, куралсыз жыйындарды, пикет, митингдерди атуулдарга тоскоолдук болбогон коомдук жайларда алдын ала уруксат албай туруп, тиешелүү органдарды маалымдоо менен өткөрсө болот деп айтылган. Ал эми мыйзамдын 5-беренеси мындай норманы жокко чыгарат. Укук коргоочулар ошондой эле мыйзамдын митинг, пикет уюштуруу үчүн 10 күн мурда уруксат алуусу каралган 6-беренесине да өзгөртүү киргизүүнү сунушташууда. Алардын сунушу боюнча, митинг, пикет өткөрүү үчүн уруксат алуунун мөөнөтү кыскартылышы керек.

XS
SM
MD
LG