Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

К. Бакиевдин «Элдик Конгресске» киришине түштүктүк саясатчылар каршы


БИШКЕК. Мыйзамчы депутат Курманбек Бакиев Элдик конгресске түштүк аймактын саясатчыларынын каршы болушунан улам баш тартты. Мындай пикирин бүгүн «Арнамыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев «Азаттык» радиосуна билдирди. Курамына «Арнамыс», «Атамекен» социалисттик, Социал-демократиялык жана «Эл» партиялары кирген «Элдик Конгресс» буга чейин саясий бирикменин атынан президенттикке талапкерлер катары «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов менен Социал-демократиялык партиясынын жетекчиси Алмаз Атамбаев көрсөтүлөөрү жөнүндө жарыялашкан. Ал эми кечээ «Атамекен» партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев «Курманбек Бакиев Конгресс тарабынан коюлган айрым талаптарды аткарбагандыгы үчүн уюмга кабыл алынган жок» деп маалымдаган. Курманбек Бакиев бүгүн мындай билдирүүлөрдү четке кагып, ал кандай чечим болбосун өзү кабыл алаарын жана ага бирөөлөр көрсөтмө бере албай тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG