Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:31

Тышкы иштер министри АКШга иш сапар менен жөнөп кетти


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министри Аскар Айтматов АКШга төрт күнгө иш сапар менен жөнөп кетти. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Аскар Айтматов АКШнын Мамлекеттик катчысы Коллин Пауэл, Жорж Буштун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Стивен Хедли, Мамлекеттик катчынын Европа жана Азия өлкөлөрү боюнча кеңешчиси Элизабет Жоунс жана башка расмий адамдар менен жолугушат. Ошондой эле Аскар Айтматов АКШнын Юта штатында болот. Анын АКШдагы сапары 28-февралда соңуна чыгат.

XS
SM
MD
LG