Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:24

КЫРГЫЗСТАНДА КАРЫШКЫР МЕНЕН ЧӨӨ МАЛГА КӨП КОЛ САЛУУДА


Дүйнө жүзүндө карышкырдын бир нече түрү Кызыл китепке кирип, коргоого алынса, Кыргызстанда алар малды кырып, зыян келтирип жаткандыктан азыр аларды жоготуу маселеси башкы көңүл бурулууда. Өлкөдөгү 5 миңге жакын карышкыр менен чөөнү жоготуу үчүн өкмөт былтыр 1 миллион сом бөлгөн. Быйыл дагы ушундай сумма өкмөттүн резервдик фондунан мамлекеттик токой чарбасы кызматы менен мергенчилерге бөлүндү.

Кыргызстанда жырткыч жаныбарлардын 20дан ашык түрү бар. Алардын ичинен илбирс, илбээсин, сүлөөсүн жана мадыл коргоого алуу үчүн Кызыл китепке киргизилген. Буга ак илбирстин тукумунун жок болуп кетүү коркунучу түрткү болгон.

Ал эми мурда жаратылыштын санитары аталган карышкыр менен чөө кийинки кезде көбөйүп, төрт түлүк малга тынчтык бербей, кыргын салчу болду. Адистердин айтуусу боюнча, учурда алардын саны 5 миңден ашты жана тукуму тез көбөйүп баратат. Карапайым калктын карышкырды атууга укугу жок. Анын үстүнө мылтык, ок-дарысы болбогондуктан мындай жырткычты жоготууга уруксаат берүүнү бийлик өкүлдөрүнөн суранып келишет. Бул жагдай тууралуу Аксуу районундагы фермер Бекен Калдыбаев мындай дейт:

- Карышкыр биз тарапта көбөйүп баратат. Эптеп кыштан аман алып чыккан мал- жанга кол салып, зыян келтирүүдө. Аталы десек, мылтык, ок-дары жок. Муну жетекчилер эске алып, карышкырларды жоготууну колго алса дурус болмок.

Адистердин эсеби боюнча, карышкыр менен чөө мал чарбачылыгына жыл сайын 10 миллион сомдук зыян келтирип жатат. Өлкө боюнча ушул жылдын январь айынын ичинде эле 2 миңден ашык бодо мал, 3 миңден ашуун жылкы жана 8 миңдей койду карышкыр кырып салган. Ошондуктан мындай жагдайды эске алуу менен кыргыз өкмөтү 1 миллион сом каражатты Мамлекеттик токой чарбасы кызматына бөлүп, бул ишти аткарууну аңчылык башкармачылыгына табыштаган. Алар мергенчилердин тобун түзүп, жырткычтарды жок кылуу иш-чараларын баштады. Бул жөнүндө кыргыз аңчылык башкармасынын бөлүм башчысы Медет Ботбаев мындай дейт:

- Өлкө боюнча аңчылардын 53 тобун түздүк. Алар учурда 40 карышкыр, 23 чөө атышты. Мергенчилер коомуна мүчө мергенчилер да бар. Алардан 62 топ уюшулуп, 32 жолу аңчылыкка чыгышты. Анда 12 карышкыр, 28 чөө атып келишти. Бир дөбөт карышкырды атканга 1000 сом, канчыгын атса 1500 сом, бөлтүрүгү үчүн 500 сом жана бир чөөнүн териси үчүн 300 сомдук сыйлыктар белгиленген. Карышкырды же чөөнү аткан мергендер анын терисин алып келип, «бул жерден аттым» деп далилдесе жана терисин бизге тапшырса сыйлыктарын беребиз. Өкмөт бөлгөн 1 миллион сом каражат бардык обулустарга бөлүнгөн. Мылтыктары катталган айылдык мергенчилер да обулустук башкармачылыктарга кайрылса, ок- дарыдан жана унаадан жардам берип, карышкырлар кайсыл аймактарда бар экендиги тууралуу маалыматтарды берип, жардам кылабыз.

Карышкырды атып, капканга түшүрүү үчүн айылдык 33 мергенчи да бул ишке тартылып, алар 28 жолу аңчылыкка чыгып, 3 карышкыр,2 чөө атышкан. Мергенчилер өкмөт койгон сыйлыктар аз экендигин айтып, атып алышкан карышкырлардын терилерин аңчылык башкармачылыгына тапшырбай жатышат. Бул тууралуу Жалалабад обулустук аңчылык башкармасынын жетекчиси Сарыбек Бочоевдин пикири төмөнкүдөй:

- Облус боюнча 14 карышкыр атылса, ошонун экөөнүн гана терисин бизге тапшырды. Калгандары өкмөт белгилеген сыйлык аз дешип, терилерди тапшырууга көнбөй жатышат. Биздин кызматкерлер да буга макул эмес, сыйлыктар 3-4 миң сомдон жогору болсо дешүүдө. Ал эми биздин аймактан 26 чөө атылса, анын 21 териси тапшырылды.

Ал эми аңчылык башкармачылыктын адистеринин айтымында, карышкырдын териси мурда баа болуп келсе, кийинки 2 жылдан бери суроо- талап азайып кеткен. Ошентсе да алар мергенчилерден алынган терилерди кайра иштетип, сатып, түшкөн каражатка аңчыларга ок- дары, жабдык алып беришүүдө. Бир жылда 10дон ашуун карышкыр аткан аңчыга дагы кошумча 3-4 миң сомдук сыйлык белгиленген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG