Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:33

КАЗАК ӨКМӨТҮ МЕНЕН ЭЛ АРАЛЫК КОНСОРЦИУМ КАШАГАН БОЮНЧА ТИЛ ТАБЫШТЫБЫ?


Жакында "Москоу таймс" гезити Казакстандагы эң ири мунай кени – Кашаганды иштетүү боюнча казак өкмөтү менен 6 чет элдик компанияны бириктирген консорциумдун ортосундагы талаш-тартыш чечилип бүтүп калганын маалымдады. Бир жылдан бери уланып келаткан сүйлөшүүгө катышкан казак тараптын өкүлү гезиттин кабарчысына жакында жаңы макулдашууга кол коюлат деп кабарлаган.

Каспий деңизинин түндүк тарабындагы тайыз суулардын астында кара май бугуп жаткан Кашаган кенин казып иштетүү долбоору дүйнөдөгү эң кымбат баалуу долбоор аталып, ашык-кеми жок 20 млрд долларга бааланган. Эгерде анда пландаштырылган иштер ийгиликтүү турмушка ашып калса, ал кенден болжол менен 9 миллиарддан 13 миллиард баррелге чейинки мунай казылып алынары белгиленген. Ошону менен Кашаган мунай кени көлөмү боюнча дүйнөдөгү эң ири алты кендин катарына кошулуп, Каспий алабында болсо 1-орунду ээлемекчи.

Андыктан казак президенти Н.Назарбаев өзүнүн жалпы аянты бүткүл Батыш Европаныкына теңтайлаш, бирок калкы сейрек отурукташкан өлкөсүн байытып-өнүктүрүү багытында Кашаганга чоң үмүт артып жатканы да бекеринен эмес. Эгерде андагы кара май долбоордо көрсөтүлгөн көлөмүнөн кемибей агып ташыла баштаса, Казакстан дүйнөлүк мунай рыногунда Орусияны артта калтырып, эң алдыңкы алты экспортер өлкөнүн тизмесине кирип калышы күтүлөт. Дымактуу долбоорго ылайык, Кашагандан 2015-жылга дейре күнүнө 3 млн баррелге чейин чийки мунай казып алууга болот.



Ошол Казакстанга караштуу ири мунай кенин иштетүү максатында АКШ, Италия, Франция, Голландиялык "АЖИП", "Эксонмобил", "Тотал", "Шелл", "Конокофилипс" компаниялары жана Жапониялык "Инпекс" ишканасы биргелешип консорциум түзүшкөн. Ал консорциум менен казак өкмөтү ортосунда 2001-жылы түзүлгөн макулдашуу боюнча, Кашагандагы кара майды ташып экспортоо иши 2005-жылы башталмак. Бирок, эл аралык консорциум былтыр чийки мунайдын алгачкы партиясы андан бир жыл кечирээк, 2006-жылы экспорттоло баштаарын билдиргенден тартып Казакстандын өкмөтү алгачкы долбоордо көргөзүлгөн мөөнөттү бузду деп, консорциумду эл аралык сотко берээрин айтып коркутуп, жүздөгөн миллион долларлык айыппул төлөп берүүнү талап кылган. Эл аралык консорциум техникалык себептерге, күз-кыш айларында Каспийдин ушул бөлүгүндөгү суунун үстүн калың муз каптап каларын жана башка себептерди бетке кармап, ансыз да ысыраптуу долбоорго ашыкча акча сарптоо ниети жок экенин билдирген.

Ошондон тарта бир жылдан ашуун мезгилден бери уланып келаткан талаш-тартышка жакында чекит коюлат, деп жазып чыкты "Москоу таймс" гезити ушул аптада. Азырынча бул маалымат расмий булактар тарабынан тастыктала элек, анын үстүнө мындан бир ай мурдараак гана казак өкмөтүнүн өкүлдөрү талашта мунаса табуу кыйын болуп жатканын айтканына караганда, маселе оңой-олтоң чечилчү иштерден эмес. Созулуп кеткен талаш-тартыш эки тарапка тең олжо алып келген жок, Кашаган кенинде былтыр бардык иштер токтотулган боюнча алдыга жыла элек.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG