Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

КЫЯЛКЕЧ ЧУКЧАЛАРДЫН ЭНЕ ТИЛ КӨЙГӨЙЛӨРҮ


Орусиянын алыскы Чукотка аймагынын түпкү калкы – чукчалар арасынан чыккан жазуучулар саналуу гана. Ошолордун арасынан чыгармаларын өз эне тилинде жазып, алар кийин чукча тилинен европалык тилдерге которулган автор бирөө гана – ал Валентина Векет.

Чукотка аймагында 1930-жылдарга чейин негизги тил болгон чукча тилинде азыр ал жерде жашаган 55 миңдей чукчалардын 12 миңге жакыны гана сүйлөй алат. Калгандары – ата-энесинен бери, же андан да мурун чоң ата-чоң энелеринен тартып орус тилине көчүп алгандар. Жалпы аймагы Түркияныкына барабар Чукотка бир кезде орус падышалары өзүлөрүнө каратып алганга чейин жалаң ушул чукча тилин колдонгонун азыр элестетүү да кыйын.

Ошентсе да, чукча тилин жакшы билген 12 миңдей адамдар арасында Валентина Векеттей чыгармаларын өз эне тилинде жазган авторлор да өтө сейрек көрүнүш. Ысымы Москвага чейин жеткен дагы бир чукча жазуучусу Юрий Рыткеоу орус тилинде эмгектенсе, Векеттин чыгармалары чукча тилинен дароо бир канча европалык тилдерге которулуп жарык көрдү. Аларда Орусиянын алыскы түндүгүндө жайгашкан Чукоткадагы бороондуу ызгаар, кылымдарды карыткан байыркы таштардын сырдуу баяндары, албууттанган дарыя-көлдөр, өлүп бараткан чукча тили жөнүндө баяндалат. Азыр да Чукоткадагы Оувелен айылында жашаган 69 жаштагы Векет айымдын чукчалардын байыртадан бери келаткан жаныбардын терисинен жасалган алачыктагы күнүмдүк жашоо-турмушу, үйүр-үйүр эликтерди багып мээнетин көргөн көртирлиги, ит балыктарды уулаган аңчылар, күйөөсүнүн чукчалардын борбор шаары Анадырга чейинки тартка татаал сапары – ушулардын баары таптакыр башкача бир бейтааныш дүйнө жана жаратылышка жакын жупуну жашоонун көрүнүштөрү катары чет элдик чилистендер аздектеп окуган чыгармаларга айланды. Векет айымдын алгачкы новеллалары бала чагы тууралуу эсинде калган окуяларды баяндайт.

"Мен чыгармаларымды жазып жатканда да өзүмдү мергенчиликте жүргөндөй, жаныбарды кууп бараткандай сезем, эликтердин жана башка айбанаттардын жүрүм-турумун сүрөттөгөндө алар кадимкидей көз алдымда тартылып турат", - деп бөлүшөт автордук сырлары менен Валентина айым. Ал соңку жылдары Чукотканын губернатору болуп шайланган миллиардер Роман Абрамович чукчалардын байыркы замандардан бери келаткан көп сырдуу эне тилин сактап калуу боюнча айрым аракеттер жасаганына шүгүрчүлүк кылат. "Өң-келбети жаш баладай көрүнгөнү менен, олигарх Абрамович чукчалардын улуттук бий-ырларын аткарган өнөрпоздорго акча бөлүп, биздин жашоосузга бир топ жандануу-өзгөрүүлөр киргизип жатат", - деп жүзүн кубаныч аралай кеп салат улгайган жазуучу.


Дагы бир чукоткалык мугалим Ирина Гырголнаум: "Биздин эне тилибиз менин көзүм өткөнчө өлүп жок болобу деп чочулайм", - деп көңүл өйүткөн оюн ортого салат. Ал бир нече жыл мурда кичинекей баласын догдурга алып барып, аны менен өз ара чукча тилинде сүйлөшкөнү үчүн ооруканадагы кызматкерлерден жем укканын кейип эскерет. Чукчалардын жаштарынын көбүнүн ысымдары орусча, болгону фамилиясынан гана башка улуттун өкүлү экенин баамдап билүүгө болот.


Чукотканын борбор калаасы – Анадырдагы педагогикалык институтта чукча тили факультетинде болгону 48 студент билим алып жатат. Анда иштеген мугалимдер ушу тапта чукча тилинде жок дегенде бир гезит чыгып турса жакшы болот эле деген үмүт менен эл аралык уюмдардан жардам сурап чапкылап жүргөн чак.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     
XS
SM
MD
LG