Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

М.СААКАШВИЛИ ВАХХАБИЙЛЕРДИ ЭМНЕ ҮЧҮН КОРКУТТУ?


Россия – Грузия ортосундагы мамилелерди жакшыртууну көздөгөн президент Михаил Саакашвили үстүбүздөгү айдын он экисинде өлкөдө чечен жикчилеринин “аскерий базасы боло албайт” деп эскерткен болчу. Андан бир жумадан кийин Саакашвили бийликтерди ислам фундаменталисттерине, атап айтканда, ваххабизм идеяларына каршы чечкиндүү күрөшкө чакырды. Грузиянын жаңы президентинин мындай билдирүүлөрдү жасоосуна эмне өбөлгө болду?

Грузиянын президенти Михаил Саакашвили 18-февралда кабарчылар менен болгон кездешүүдө, анын кеңсеси өлкөдөгү ваххабилер менен айоосуз күрөшөөрүн жарыя кылды:

- Мен, Грузияда ваххабизм идеясын даваат кылган бардык адамдарга эскертип айтам: аларга каршы өтө катаал чара көрүлөт жана аларга биз жактан эч кандай компромисс болбойт.

Буга чейин грузин бийликтери ваххабизм жөнүндө ырасмий деңгээлде бир да жолу сөз кылышкан эмес.

Саакашвили 12-февралда Москвада президент Путин менен жолукканда грузин тарап куралдуу чечен жикчилерине каршы күрөштө Россияга бар көмөгүн көрсөтөт деп убада кылган.

Орус бийликтери Грузиянын мурдакы президенти Эдуард Шеварднадзени Чеченстанга чектеш Панкиси өрөөнүндө чечен адаватчыларын жашырууда деп күнөөлөп келген.

Соңку маалыматтар боюнча, Панкисиде 10 миң чамалуу жергиликтүү кист-чечендери жана 4 миңдей чечен бозгуну бар.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун талдоочусу Жан-Кристоф Пөктүн айтымында:

- Чечендер эч качан Грузияга коркунуч туудурбаган. Грузияда чечендер менен проблема эч качан болгон эмес.

Чечендер жана кист-чечендери грузин бийликтерине эзели коркунуч туудурбаса, Саакашвили ваххабизм жөнүндө эмнеге сөз козгойт?

Жан-Кристоф Пөк:

- Саакашвилинин акыркы комментарийи анын Москвага жасаган визити менен түздөн түз байланышта деп ойлойм. Саакашвили Владимир Путинге жолукканда, Россия менен мамилени жакшыртууну каалаарын улам-улам кайталап айткан. Тбилиси-Москва ортосундагы жакындашуу Чеченстан аркылуу, Россия менен бул багытта чогуу аракеттенүү менен жүрөт окшойт. Саакашвилинин ваххабизм жөнүндө айткан сөзүн мен ушундай түшүнөм.

Тбилисиде жайгашкан Адам укугун коргоочу бейөкмөт уюмдун башчысы Асланбек Абдуразаков да ушундай пикирде:

- Акыркы 4 жылда Грузиядагы чечен качкындары саясый оюндун картасы болуп жүрөт. Бул жагдайдан улам, эртең же бүрсүгүнү чечен качкындарын Россияга өткөрүп берели деген күтүүсүз чечим кабыл алынабы деп коркобуз. Шеварднадзе тушунда беш чечен Путинге белек катары берилген. Тилекке каршы, Саакашвилинин акыркы билдирүүлөрү окуя мурдакы нукта өнүгүп жатканын күбөлөйт.

Жан-Кристоф Пөк да грузин жетекчилиги чечендерге каршы күтүүсүз кадамдарды жасашы ыктымал деп кооптонот:

- Саакашвили эл аралык коомчулукту жана Грузиянын элин ырасмий Тбилиси чукул ортодо чечендерге каршы кандайдыр бир чара көрөөрүнө даярдап жатат.

Грузиядагы адам укугунун абалы олуттуу өзгөрүүгө муктаж экенине Хьюман Райтс Уотч уюму президент Саакашвилинин 25-февралда АКШда башталчу сапары алдында жасаган билдирүүсүндө эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурду.
Саакашвили башындагы өкмөттүн саясатынын түпнегизи - “адам укугун жакшыртуу болуш керек” деп белгиленет бул билдирүүдө. Укук коргоочу уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Рэчел Денбер болсо, “Буштун администрациясы адам укугуна” атайын басым жасаш керек дейт.
Теги грузиялык, чечен улутундагы журналист Хизир Алдамов да ырасмий Тбилиси адам укугун көз жаздымында калтырбоосу керек экенин, “Азаттыктын” кыргыз кызматына берген интервьюда айтты:

- Оболу революция болуп, бийликке жаш муун келе баштаганда, чечен, абхаз жана түштүк осетиялык качкындар чоң үмүттө эле. Бирок, жаңы бийлик чечендер үчүн өтө жаман башталды. Күн сайын эле чечендердин үстүнөн сот жүрүүдө. Үч чеченди араң бошоттук. Эки чечен дайынсыз жок. Азыр беш чечендин соту болууда. Алар эркиндикке чыкса, жоголуп кетеби же Россияга өткөрүлүп берилеби деп коркобуз. Биз миллионго жетпеген калкпыз. Ошон үчүн бир адамды жоготуу биз үчүн психологиялык жактан өтө оор. Жаңы жетекчилик грузин элине, демек ,чечен качкындарына да өтө көп нерсени убада кылган болчу. Бирок, азырынча чечендер жоготуудан башка эч нерсе көрбөдү.

Хьюман Райтс Уотч уюму да, 24-февралда жасаган билдирүүсүндө, Грузия чечен качкындарын Россияга өткөрүп бериши мүмкүн экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG