Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

ТҮРКМӨНСТАНДА КАЗАК МЕКТЕПТЕРИ ЖАБЫЛА БАШТАДЫ


Шейшекан Жаналиева, Прага Жакында эле Москвалагы “Мемориал” адам укуктарын коргоо борбору Түркмөнстандагы Түркмөнбашы (мурдагы Красноводск) шаарындагы № 3 казак мектебинин жабылышы тууралуу маалымат тараткан болчу. Бул мектепте иштеген казак мугалимдеринин пикирлерине караганда, Түркмөнстан бийлигинин окуу программасынын түркмөн тилине которулушу керек деген талабы туура эмес.

Укук коргоочулардын маалыматы боюнча, Түркмөнбашы шаарындагы жападан жалгыз казак мектеби 1937-жылдан бери келечек ээлеринин билим уясы болуп келе жатат.Ушул тапта бул мектепте 20 класс, 500дөн ашык окуучу жана 30дан ашуун мугалим бар. 2002-жылдын күзүндө казак мектебин жабуу керек деп мурдатан бери эле айтылып келе жаткан имиш-имиш кептер чындыкка чыга баштаганда, ошол кездеги мектептин директору Үзүмкан Баяманова Түркмөнстан бийлигине нааразылык пикирин билдирген.

Баяманованын улуту казак. Ал 23 жылдан бери Түркмөнстанда билим берүү тармагында эмгектенип келе жатат. Баяманованын айтымында, ал 1990-жылдарга чейин казак мектебинин директору болчу. Бирок анын ордун түркмөн улутунун өкүлү алмаштырган.

Түркмөнстандагы казак диаспорасынын өкүлдөрүнүн айткандарына караганда, 2002-жылдын ноябрь айында аталган мектептин жетекчилиги Түркмөнбашы шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тагангелдиев мугалимдерден казак мектебин түркмөн мектебине айландыруу тууралуу буйрук чыгарып,тымызын кол чогулттура баштаган. Көпчүлүк мугалимдер өздөрүнүн кызмат орундарын жоготуп алуудан чочулашып, шаардык билим берүү башкармасынын бул буйругуна каршы оюн ачык айта алган эмес.

Баяманованын айтымында, ал жергиликтүү бийлик ээлеринин мындай коркутуп-үркүтүүлөрүнөн жалтаңдабай, тескерисинче мугалимдердин укугун коргоого аракеттенген. Ал Түркмөнстандын билим берүү министрлигине чейин арыз жазган. Бирок Баяманованын пикиринде, анын аракети бүт текке кеткен. Ал тургай ага жок шылтоолор менен сөгүш жарыялап, эгерде шаардык билим берүү бөлүмүнө карата дагы бир жолу каяша айтса, анда жумуштан четтетип коюшаарын эскертишкен.

Жергиликтүү маалыматтар боюнча, улуттук азчылыктын өкүлдөрүнүн каршылык көрсөтүүсү менен №3-казак мектебиндеги казак тили жана адабияты боюнча сабактар окуу программасынан алынган эмес. Бирок 2003-жылдын күз айынан бери аталган мектеп дээрлик түркмөндөштүрүлдү.

Баяманованын айтымында, ал казак мектебинин жабылышына каршы нааразы пикирин билдирип, бир нече жолу Түркмөнстандын бир катар бийлик органдарына арыз кат жолдоду. Бирок анын жыйынтыгы өзүнүн ээлеген кызмат ордунан ажыроо менен аяктады. “Өзүмдүн негизсиз жумуштан бошогондугум тууралуу Балкан велаятынын сотуна доо арыз жазгам. Ушул тапта Түркмөнстандын Жогорку соту менин доо арызымды кароого тийиш. Ал эми жергиликтүү бийлик ээлери болсо агартуу тармагында иштөөмө каршы, бирок көчө шыпыруучулуктан баш тартаарымды жактырышпайт, - дейт Баяманова.

Баяманова 2003-жылдын 15-октябрында Түркмөнстандагы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлчүлүгүнө өзүнүн адамдык укугунун тебеленгендиги, негизсиз жумуштан четтетилгендиги жана Түркмөнстанда улуттук азчылыктын өкүлдөрүнүн бийлик төбөлдөрүнө каршы пикир айта албагандыгы тууралуу арыз кат жазгандыгын маалымдайт.

2004-жылдын жаз айында Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Түркмөнстанга иш-сапары күтүлүүдө. Эки өлкө жетекчилеринин жолугушуусу учурунда Түркмөнстандагы казак мектебинин жабылышы тууралуу маселе мамлекеттик деңгээлде көтөрүлөбү деген собол турат, - дейт Мемориал” адам укуктарын коргоо уюмунун өкүлү Виталий Пономарев.

Ал эми жергиликтүү байкоочулардын пикирлерине караганда, Ашхабаддагы Казакстандын элчилигине салыштырмалуу ЕККУнун өкүлчүлүгү бул маселеге көбүрөөк көңүл бура баштады.

Укук коргоочулардын баамында, Казакстан бийлиги Түркмөнстандагы казак мектебинин жабылышына карата ооз ача элек. Ошондой эле расмий Астана жергиликтүү бюджетти үнөмдөйбүз деген шылтоо менен Түркмөнстандагы бирден-бир казак тилинде чыгуучу гезиттин жабылышына да каяша сөз айткан эмес.
XS
SM
MD
LG