Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:59

А. ЭРКЕБАЕВ: «"МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ЖӨНҮНДӨ" МЫЙЗАМ КОНСТИТУЦИЯГА КАРШЫ КЕЛБЕЙТ»


Бакыт Аманбаев, Бишкек Бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, жакында кабыл алынган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам тууралуу түшүндүрмө берди. А.Эркебаевдин айтымында, «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам Конституцияга каршы келбейт.

Жолугушууга Кыргызстандагы чет өлкөлүк элчиликтердин, эларалык, бейөкмөт уюмдардын жана саясий партиялардын өкүлдөрү катышты. Абдыганы Эркебаевдин айтымында, жолугушууну уюштурууга жергиликтүү жана чет элдик массалык маалымат каражаттарында «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам тууралуу түрдүү пикирлердин айтылганы себеп болду. Катышуучуларга 1989-жылы кабыл алынган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды, президенттик администрация тарабынан былтыр сунушталган мыйзамдын долбоорун жана Мыйзам чыгаруу жыйыны ушул жылдын 12-февралында кабыл алган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды таратылды. Андан кийин Абдыганы Эркебаев аталган эки мыйзамдын жана президент сунуштаган долбоордун ар бир беренесин салыштырып, түшүндүрмө берди. Төраганын айтымында, жаңы кабыл алынган мыйзамдын дээрлик көпчүлүк беренелери президенттик администрация тарабынан сунушталган боюнча өзгөртүүсүз кабыл алынды. «Ошондуктан, бул мыйзамдын кабыл алынышы боюнча депутаттарды айыптоо туура эмес. Депутаттар, тескерисинче президенттик администрация тарабынан сунушталган беренелерге бир кыйла жумшартуу киргизди»,-деп кошумчалады Абдыганы Эркебаев.

Соңку мезгилдери Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттары жана кээ бир саясатчылар аталган мыйзамдын 10-беренеси Конституцияга каршы келээрин айтышууда. Ал беренеде «Мамлекеттик кызматкер өзүнүн кызмат милдетин аткаруу үчүн зарыл деңгээлде мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү» деп жазылган. Ал эми мамлекеттик тил билүүгө милдеттүү адамдардын тизмеси өкмөт тарабынан аныктала тургандыгы белгиленген. Абдыганы Эркебаевдин пикиринде, мындай эреже Мыйзам чыгаруу жыйынынын айрым депутаттары айтышкандай өлкөнүн баш мыйзамына каршы келбейт:

- Бул беренеде мыйзам бузуу жок. Эгерде, кимде-ким мамлекеттик кызматта иштегиси келсе, ал өлкөнүн мамлекеттик тилин билиши керек. Өзүңүз ойлоп көрүңүзчү, дегеле, атуул тигил же бул өлкөнүн тилин билбей туруп, ал өлкөнүн мамлекеттик бийлигинде иштеши туура эмес.

Ошондой эле ал соңку мезгилдерде «Агым» гезитинде "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам тууралуу эки макала жарыяланып, тил маселеси түндүк-түштүк маселеси менен байланыштырылганын «чагымчылык» катары баалады:

- Соңку мезгидерде кыргыз тилдүү «Агым» гезитинде орус тилинде эки макала жарыяланды. Мен болжол менен ал макалалар ким тарабынан жазылгандыгын аныктадым. Так айтканда, бул - ачык түрдө эле жүргүзүлгөн чагымчылык. Анткени, ал макалалардын автору тил маселесин саясатка байлыныштырган. Анын айтымында, Мыйзам чыгаруу жыйынында кабыл алынган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам түштүктүк депутаттардын демилгесинен улам кабыл алынды. Мен сиздерге ырасмий түрдө айтайын - мыйзам мамлекет башчысынын демилгеси талкууга койулган. Ал эми аталган мыйзамды депутаттар ар кайсыл аймактан экенине карабай кабыл алышты. Ага далил катары добуш берүүнүн жыйынтыгын келтирүүгө болот.

Ал эми айрым депутаттардын «Эгерде аталган мыйзамга президент кол койсо, биз Конституциялык сотко кайрылабыз» деген билдирүүсүнө карата Абдыганы Эркебаев өз оюн төмөндөгүчө ортого салды:

- Ар кандай мыйзамды, ар кандай нерсени ар ким ар кандай кабыл алат. Бирөөлөр түшүнбөгөндүктөн, бирөөлөр түшүнүп туруп атайылап кабыл алышат. Эми айрым депутаттар «Конституциялык сотко кайрылабыз» деп жатышат. Алардын буга укугу бар. Мен ырасмий түрдө айтайын, кабыл алынган мыйзам Конституцияга каршы келбейт.
XS
SM
MD
LG