Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

БЭЭЖИН: ТҮНДҮК КОРЕЙЛЕР МЕНЕН СООДАЛАШУУ КЫЙЫН БОЛОТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары Бээжин шаарында Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөр башталды. АКШ жана Түндүк Корея менен катар ал сүйлөшүүлөргө Түштүк Корея, Россия, Кытай жана Жапония катышууда. Сүйлөшүүнүн максаты - Түндүк Кореяны өзөктүк программасынан толук баш тартууга көндүрүү.

Сүйлөшүү башталаардын алдында жасаган билдирүүсүндө АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жеймс Келли Түндүк Кореяны өзөктүк программасын толук токтотууга чакырды. Ал, ошондой эле, Американын Түндүк Кореяга чабуул жасоого ниети жок экенине дагы бир жолу ишендирип, мындай деди:

- Биз Түндүк Кореянын уранга жана плутонийге негизделген программаларынын жана куралдарды иштетүү пландарынын толук жана кайра калыбына келтирилгис кылып токтотулушун көздөйбүз. Ал эми АКШ башка мамлекеттер менен бирге Түндүк Кореянын коопсуздугун кепилдемекчи. АКШнын Түндүк Кореяга кол салууга ниети жок экенин президент Буш дагы бир жолу бышыктайт.

Бул жолку сүйлөшүүдөн каалагандай натыйжа чыгаарына ишенкиребей турганын жашырбаган Түндүк Корея сүйлөшүүдө сабырдуу болгонго даяр экенин, бирок ошого жараша башка тараптардан да ийкемдүүлүктү күтүп турганын билдирди.

Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан кризис АКШ менен Түндүк Кореянын ортосунда 1994-жылы жетишилген макулдашуу бузулганынан улам тутанган. Ал келишим боюнча, Түндүк Корея өзөктүк программасын токтотууга, ал эми АКШ өлкөнү энергия менен камсыз кылууга милдеттенишкен. Ошону менен бирге эле АКШ баштаган өлкөлөр Түндүк Кореянын атомдук электростанцияларын жаңы жана коопсуз иштөө ыкмаларына өткөргөнгө көмөктөшүүгө убада беришкен.

Бирок 11-сентябрдагы теракттан кийин Түндүк Кореяны "Балакеттин үчилтиги" деп атаган АКШ 2002-жылы эки ортодогу макулдашууну бузуп, өлкөгө күйүүчү май берүүнү токтотуп койгон. Буга байланыштуу Пхеньян мурда токтотуп койгон өзөктүк реакторун кайрадан ишке киргизген. Башында буга отунга болгон муктаждыгын канааттандыруу максаты менен барганын кайталаган Түндүк Корея, көп өтпөй, өзүнүн өзөктүк программасынын үстүнөн ишин улантканын жарыялаган.

АКШнын чатакты коркутуп-үркүтүү менен чечүү аракети талашты басмак турсун, ого бетер ырбатып, эки тараптын өз ара мамилесин өчөгүшкөн ахвалга жеткирген. Вашингтондун опузасына каяша кылган Түндүк Корея былтыр Өзөктүк Куралдарды Жайылтпоо боюнча Жалпы келишимден чыгып кетип, өзөктүк программасын тоскоолсуз ишке ашырууга жол ачкан.

Түндүк Кореянын өзөктүк программасына байланышкан чатактын жөнгө салынуусун Пакистандын "атомдук куралынын атасы" атыккан окумуштуу Абдул Кадыр Хандын ырастоолору татаалдандырды. Мындан бир нече жума мурда окумуштуу өзөктүк технологияга байланышкан маалыматтарды Ливияга, Иранга жана Түндүк Кореяга саткандыгын мойнуна алган. АКШнын чалгындоо кызматы Түндүк Кореяда, бери дегенде, бир нече баш өзөктүк дүрмөт жана аларды бутага жеткирчү жабдуулар бар экенин маалымдайт.

Андай коркунучтуу курал, биринчи кезекте, Түштүк Корея үчүн чоң коркунуч жаратат. Кризистин толук жөнгө салынуусуна кызыкдар расмий Сеул Бээжиндеги сүйлөшүүгө "өзүнүн үч баскычтуу планын" ала келди. Түндүк Корей жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында иштелип чыккан бул тынчтык пландын биринчи баскычында Пхеньян өзөктүк куралдар программасын токтотконун жарыялайт. Буга жооп иретинде сүйлөшүүнүн баардык катышуучулары Түндүк Кореянын коопсуздугуна кепил болушат. Экинчи баскычта Түндүк Корея өзөктүк программаларынын баарын токтотуп, Өзөктүк Куралдарды Жайылтпоо боюнча Жалпы келишимге кайрадан кошулуп, Улуттар Уюмунун инспекторлорун өзүнүн атомдук объекттерине киргизет. Ага жооп иретинде Кытай, Россия жана Түштүк Корея аны энергия менен камсыз кылышмакчы. Үчүнчү баскычта Түндүк Корея өзөктүк программасын толук жок кылат, ага жооп иретинде АКШ бул өлкөгө кол салбай тургандыгын документ жүзүндө бышыктайт.

Сүйлөшүүнүн алгачкы жыйынтыгы белгисиз. Бирок 25-февраль күнү Кытайдын тышкы иштер министрлиги тараптар соодалашууну олуттуу кыйынчылыктарга карабай уланта турганын билдирди.

XS
SM
MD
LG