Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:20

Пхеняндын атомдук программасына байланыштуу сүйлөшүүлөр башталды


Пекинде экинчи ирет өтүп жаткан талкууларга алты өлкө - Түндүк Корея, Кытай, АКШ, Россия, Япония жана Түштүк Корея катышууда. Жолугушуу башталар алдында АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Жеймс Келли Вашингтон өкмөтү Түндүк Кореянын атомдук программаларынын толук жана түпорду менен жоюулушун көздөй тургандыгын билдирип, ушундай шартта гана башка өлкөлөр менен бирге Пхеньянга коопсуздук кепилдигин бергенге даяр экенин ырастады. АКШ ошондой эле Түндүк Кореяга кол салууну көздөбөй турганын да бышыктады. Бүгүн вашингтондук жана пхеняндык өкүлдөр өздөрүнчө жолугушуп, сүйлөшүү өткөрүштү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG