Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:13

Ирактын башкаруу кеңеши убактылуу мыйзам долбоорлорун талкуулады


Талкуунун жыйынтыгы тууралуу маалымат айтылган жок, Иракта жаңы конституция кабыл алынганга чейин убактылуу мыйзам актыларын колдонуу жөнүндө чечим кабыл алынган эле. АКШнын ООНдогу өкүлү Жон Негропонте кечээ Ирактын убактылуу башкаруу кеңеши белгиленген мөөнөткө чейин документтерди даярдап үлгүрбөй калышы мүмкүн деп айткан болчу. Ушул эле күнү Багдадга чукул жерде америкалыктардын аскерий бир тикучмасы дарыяга кулап түштү. Иштин чоо-жайы тууралуу маалымат жок, ал эми түндүктөгү Мосул калаасында ким бирөөлөр шаардык полиция башчысынын орунбасарын атып кетишти.

XS
SM
MD
LG