Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

ОРУСИЯЛЫКТАР ӨКМӨТТҮН ТАРКАТЫЛЫШЫНА КАЙДЫГЕР ЭМЕС. ВОРОНЕЖДЕ ЧЕТ ЭЛДИК СТУДЕНТТЕР НААРАЗЫЛЫК ЧАРАСЫН ӨТКӨРДҮ...


Муса Мураталиев, Маскөө калаасы Бул апта ичинде чыгып аткан орусиялык гезиттер президент В.Путиндин премьер М.Касьяновдун өкмөтүн кызматтан кетиришине байланыштуу ар кыл пикирлерди жарыялашты. Өлкөнүн 85 шаарында фашисттик уюмдар тымызын аракеттенип жатканы, ошондой эле, Орусия бийлиги Тажикстандын мурдагы ички иштер министри, камактагы Якуб Салимовду Дүйшөмбүгө жөнөткөндүгү туурасында да баяндалууда.

Шейшембиде Владимир Путин өлкөнүн өкмөтүн таркаткан жардыкка кол койду. Жаңы жардыкка ылайык, мурдагы премьер-министр Михаил Касьяновдун ордун Виктор Христенко убактылуу аткара баштады. Бул теманы бүгүн Страна.Ру, Газета.Ру, Российская газета, u>Время новостей жана башка басылмалар байма-бай чагылдырды. Өлкөнүн саясий төбөлдөрү менен оппозиция лидерлери президенттин мындай кадамы эмнеден улам болгону тууралуу ар кыл божомол, ойлорун айтышууда.

Маселен, ”Россия” сыналгысы аркылуу Орусия коммунистер лидери Геннадий Зюганов:

- Бул - шайлоо өнөктүгүнүн өтүшү “өгүз өлбө, араба сынба” абалына жетип калганда, аны жандандыруу максатында бийликтер жасаган чуулгандуу кадам , - деп баалады.

Айрым анализчилер соңку кадамдын артында күч органдары турганын улам кайталашууда. Ошондон улам: “күч органдары, акыры келип, Путиндин саясий бюросуна айланып кетпесе болду”, - деген пикирлер да айтылууда.

“Известия” 20-февралда Орусиянын 85 шаарында фашисттик уюм тымызын иш-аракет жасай тургандыгын ийнесинен жибине дейре териштирип чыккан макала жарыялады. “Адам укугун коргоочулардын эсебине караганда, өлкөдө 50 миңдей скинхед бар. Алардын көпчүлүгү Маскөө, Санкт-Петербург, Нижний Новгород сыяктуу ири калааларда топтолушкан”, - деп жазылган макалада.

Кечөө НТВ сыналгысы Воронежде африкадан келип окуп жүргөн студенттердин нааразылык иш-чарасы тууралуу репортаж көргөздү.

- Бизди кордошот. Убада беришет, (кылмыш кылгандарды – М.М.) кармайбыз дешет. Бирок эч нерсе кылышпайт. Коргойбуз, коргойбуз дешет, бирок эч нерсе орундалбайт. Ар жыл сайын ( б.а. чет өлкөлүк студенттердин ичинен – М.М.) жоготуу болот, - дейт нааразылык чарасына катышкандардын бири.

Козголоңду Воронеждик медициналык академиясында окуучу африкалык студенттер чыгарган. Көрсө таламандын тал түшүндө жергиликтүү орус улутчулдары академиянын жатаканасынын алдынан бир гвинеялык студентти бычактап өлтүрүп кетишкен экен. Кабарчынын айтканына караганда, бул шаарда жергиликтүү улутчулдар кийинки беш жыл ичинде африкалык жети студентти өлтүрүп кетишкен. Бирок милиция бир да кылмышкерди тапкан эмес.

Мына ушул жерде олтургандардын ар бири өзүн кийинки курмандык менмин го деп эсептешет, - дейт нааразылык чарасына катышкандардын дагы бири.

“Коопсуздук камсыз кылынмайын сабакка барбайбыз” деген студенттер окуу жайынын чоң залын ээлеп алып, ошондон бери тышка чыгышкан эмес. Кийинки келип түшкөн маалыматта чет элдик студенттер комитети академияда түзүлгөн кырдаалга киришип берүүсүн өтүнүп Орусия президентине кайрылышканы айтылууда.

Бүгүн (25-февралда) «Московский комсомолец» гезити улутчулдар тобу жакында Маскөөнүн алдындагы бир калаада электричкада бара жаткан өзбек улутундагы кишини жанында бара жаткан эки тестиер баласы менен кошо токмоктоп кеткендигин жазды. Айтмакчы, бул окуя болгондон бир нече күндөн соң милиция кылмышкерлерди кармаган. Көрсө, алардын бири воронеждик 20га келип калган орус жигит экен. Дагы экөө Украинадан келишиптир жана бешөө Маскөө алдындагы Раменский районунда жашаган улутчулдар болуп чыгышкан.

«Коммерсант» гезити бүгүнкү санында орусиялык бийликтер Тажикстандын азыркы бийлигине оппозицияда турган Якуб Салимовду Дүйшөмбүгө өткөрүп бергендиги туурасында макала жарыялады. Кезегинде өлкөнүн ички иштер министри, Түркиядагы элчиси жана бажы комитетинин жетекчиси болуп турган Я.Салимовду орусиялык күч органдары мындан 8 ай мурда Маскөөдөн колго түшүрүп, ошондон бери ал «Лефортово» абагында кармалып жаткан болчу.
XS
SM
MD
LG