Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Кыргызстан Борбор Азиядагы консорциумдун түзүлүшүн колдойт


БИШКЕК. Кыргызстан Борбор Азияда суу-энергетикалык консорциум түзүүнү колдойт. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов Алматыда өткөн Борбор Азия кызматташуу уюмунун тышкы иштер министрлеринин жыйынында билдирген. Министрликтин басма сөз кызматынын бүгүнкү маалымдоосуна караганда, Аскар Айтматов суу-энергетика маселеси боюнча талаштуу маселелерди консорциум түзүү аркылуу гана чечүүгө болорун айткан. Кыргызстандын тышкы иштер министри ошондой эле аймактагы мамлекеттердин кызыкчылыгын эске алып, Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан чыгып жаткан суунун көлөмүн көбөйтпөй турганын маалымдаган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн министрлери 20-февралдан бери Алматыда жыйын куруп атышат.

XS
SM
MD
LG