Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:48

Сарымоголдо санаа көп


ОШ. Ош облусунун губернатору Накен Касиев Тажикстандын Мургап районунун курамынан чыгарылып Кыргызстандын Алай районунун карамагына берилген Сарымогол кыштагына барды. Жолугушууда айылдыктар Кыргызстандын паспортун алыш үчүн зарыл болгон 50 долларга жакын акчанын көлөмүн азайтууну өтүнүштү. Губернатор кыштакта милиция бөлүмчөсүн түзүүгө, айылдык клубду 100 миң сом жумшап толук оңдоого, 15 орундуу оорукананы калыбына келтирүүгө, талаптагыдай мектеп куруу ишин кыргыз өкмөтүнүн жылдык планына киргизүүгө убада берди. Андан тышкары клубдун, оорукананын, мектептин ички жабдууларын облустук бюджеттен үлөштүрүп таап берерин билдирди. Ошондой эле Сарымоголго кетчү жолду оңдоо иштерине да 150 миң сом сарпталары белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG