Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:29

Төрага «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды колдойт


БИШКЕК. “Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам өлкөнүн Конституциясынын бир да беренесине каршы келбейт”, – деп билдирди Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев тил маселеси боюнча бүгүн өткөрүлгөн маалымат жыйынында. Маалымат жыйынына чет өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчиликтеринин, эл аралык,өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты жана аларга төрага мыйзам жөнүндө кеңири маалымат берди. Ал эми «Агым» гезитинде жарыяланган «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамды түштүктүк саясатчылар алып чыкты» деген макаланы А.Эркебаев чагым катары баалап, мыйзам улуттук мааниде болгондуктан президент тарабынан киргизилгенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG