Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

ШАРП: "ООРУНУ ЖАШЫРСАҢ ӨЛҮМ АШКЕРЕ КЫЛАТ" ЭМЕСПИ?


"Кыргызстанда малдын шарп оорусу жайылган жок"- деп билдирди бүгүн айыл, суу жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин өкүлдөрү маалымат жыйынында кабарлашты. Бирок эл арасында шарп ылаңы жайылып баратат деген кооптонуу күч алды.

Маалымат жайынында айыл,суу жана кайра иштетүү өнөр жай министри Александр Костюк малдын шарп ылаңы боюнча Кыргызстанда эч кандай коркунуч жок деди. Анын айтымында, мындай сөздөр коңшу мамлекеттерде малдын жугуштуу оорулары чыккандан улам пайда болууда.

- Өлкөдө малдын ылаңы боюнча жалпы абал туруктуу. Мына он жылдан бери иликтеп келдик. Өткөн жылдан өзгөчөлөнгөн эч нерсе жок. Бирок шарп ылаңы тарап кетпесин деп, алдын ала иш-аракеттер көрүлүүдө. Коңшу өлкөлөрдө бир аз коркунуч пайда болгондугуна байланыштуу, алдын-ала эмдөө жүргүздүк. Бүгүнкү күнү малдын шарп ылаңынын белгилери пайда болгон жерлерде ветеринардык адистер иштеп жатышат. Шарп ылаңы далилденген аймак азырынча жок. Малдын шарп ылаңына байланыштуу зыянга учураган факты да каттала элек.

Министрдин айтымында, коңшу мамлекеттерде малдын жугуштуу илдеттеринин таралыш коркунучу бар жана ал Кыргызстанга терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан малдын шарп сыяктуу ар кандай жугуштуу оорулары жөнүндө ырасмий маалыматтарга көбүрөөк ишенүүгө журналисттерди чакырды. Министрдин маалыматы боюнча, азыр Кыргызстанда 940 миң баш бодо мал бар. Ага жараша эмдөөчү вакцина да жетиштүү даярдалган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, малдын шарп сыяктуу жугуштуу ооруларга чалдыкканы февраль айынын башында эле байкалган. Аны Нарын районундагы Жанбулак айылынын тургуну Апсалиев Ташболоттун төмөнкү сөзү айгинелейт:

- Бүгүнкү күнгө он бир уй өлдү. Асейинов, Чакибашов деген атуулдардын ую болуп, баардыгы он бир уй өлдү. Алар Атбашы районунан мал сатып келген эле. Ошол малдын келгенине үч күн болгондо малдын шарп ылаңы байкалды.

Нарындык тургундун айтымында, ылаңдаган малды өз убагында дарылатып жана көзөмөлгө алып турууга ветеринардык кызматтын чамасы жетпей жатат. Ал эми жакында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын коопсуздук комитети шарп ылаңынын таралышына байланыштуу маселени карап, Кыргызстан боюнча 48 жерде шарп катталганын жана ал жердеги 1759 бодо мал ооруганы маалымдалган. Мыйзам чыгаруу жыйынынын депуттаттары өлкөнүн ветеринардык-санитардык коопсуздугу начар абалда экендигин белгилешип, бул маселени Башкы прокуратурага иликтөөгө сунушташкан. Андан тышкары депутаттар аткаруу бийлигин малдын шарп ылаңы тууралуу ачык-айкын, так маалыматтарды бербей жатат деп сынга алышкан. Ал тууралуу мыйзамчы депутат Алишер Абдимомунов:

- Мамлекеттик ветеринардык департаменттин өлкөдө канча мал шарп менен ооруду, кайсыл аймакта жагдай кандай болуп жаткандыгы тууралуу эч кандай маалыматтары жок деп ойлойм. Антүүгө шарт да жана мүмкүнчүлүктөрү да жок. Эгерде шарп бар десе аны дарылоо керек. Ага вакцина сыяктуу дары-дармек, каражат жетишпейт. Ошондон улам жашырып коюу алда канча оңтойлуу.

Ал эми мамлекеттик ветеринардык департаменттин башкы директору Кадыракун Ануарбеков мындай пикирге маакул эмес:

- Күндө ар бир аймактан малдын ылаңы боюнча маалымат алып турабыз. Нарын облусунда малдын шарп ылаңы бар деген маалыматка да ишенбейм.

Ветеринардык департаменттин өкүлүнүн айтымында, малдын жугуштуу ооруларына каршы күрөшүү үчүн чектеш жашаган өлкөлөрдүн чегарасында малдын этин ташып өткөрүүгө жана тирүүлөй мал сатып алууга убактылуу тыюу салынган.
XS
SM
MD
LG