Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:39

ТИЛ МЫЙЗАМЫНА ОРУСИЯНЫН ЭЛЧИСИ КАРШЫ, ИШТЕЙМ ДЕГЕНГЕ ООГАНСТАНДА ЖУМУШ ТОЛТУРА


“Дело №” гезитинде Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Е.Шмагин маек куруп, анда мамлекеттик тил мыйзамынын дарегине бир катар сындарды айткан. “Аргументи и факты” апталыгынын Кыргызстанда чыгуучу тиркемеси да мыйзамга кайрылып, «Орус тилдүү калк коркпой деле койсо болот, себеп дегенде, Орусия бул жерге узак убакытка, бекем таканчык алыш үчүн келди»-деп жазды. Кыргыз басылмаларында ишкердик темасы арбын козголду.

«Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам тууралуу сын пикирлер топтомун шаршембидеги “Дело №”, “Аргументы и факты - Кыргызстан” апталыктары жарыялады. “Дело №” гезитинде Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Евгений Шмагиндин мамлекеттик тил мыйзамы тууралуу пикири жарыяланды. Элчинин айтуусунда, жаңы мыйзам мамлекеттик тилди билбегендердин укугун басмырлайт. Ардагерлердин, дарыгерлердин же болбосо энергетиктердин жыйналыштарын “сөзмө-сөз котормосу жок кыргыз тилинде өткөрүү мүмкүн эмес”-дейт элчи мырза. Анын пикиринде, кыргыз тилинин аскер ишинде колдонулушу да күмөн, себеп дегенде орус тилиндеги айрым буйруктарды кыргызчага которуш кыйын. Жер, көчө, айыл, шаар аттарын кыргызча жазуу талабы да элчинин пикиринде Европадагы Коопсуздук жана кызматташуу уюмунун стандартына туура келбейт. Е.Шмагин жаңы мыйзамдын айрым талаптары калк арасында күтүлбөгөн нааразылыктарды жаратышы мүмкүн деп эсептейт.

Мамлекеттик тил мыйзамы республикадагы башка улуттардын кызыкчылыгына төп келбестигин парламент депутаттары Т.Усубалиев, А.Масалиев, З.Курманов да билдиришкен. Алардын пикири ушул эле гезитте жарыяланган.

Жаңы мыйзамдын айланасындагы талашка шаршембидеги “Аргументы и факты - Кыргызстан” апталыгы да үн кошту. Гезит автору Ибрагим Рустамбектин жазганына ынансак, жаңы мыйзамдын кабыл алынышына улутчул патриоттор менен радикалдык оппозиция кызыкдар. Булардын артында тургандардын ойлогон ою деле дайын – грузин сценарийин кайталоо. Бирок, орустар алдагыдай кутумчулукка барбайт. И.Рустамбектин ою боюнча, Кыргызстандагы орустардын дем берүүчүсү Орусиянын президенти В.Путин. Жакында Орусия баллистикалык ракеталарын учуруп чоң машыгуу өткөрдү, дүйнөдө теңдеши жок стратегиялык, чабуул коюучу куралдарынын күчүн сынады. «Кыргызстанда жашаган улуттук азчылык өкүлдөрү чочулабай эле койсо болот, Орусия бул жерге бекем орун-очок алганы узак убактарга келди»-деп жазат И.Рустамбек.

“Общественный рейтинг” гезитинин бейшембиде чыгуучу санында кандай материалдар басууга даярдалып жатканын басылманын жооптуу катчысы Наргиза Кожомкулова кабарлады:

- “Общественный рейтинг” гезитинин бул санында ишкерлердин Самарский курсун бүтүрүп келишкен кыргыз атуулдары менен болгон маекти сунуш кылуудабыз. Мыйзамды өзгөртпөстөн, мыйзам негизинде иштөө маанилүү экенине көзү жеткен ишкерлердин пикири окурмандарды кайдыгер калтырбас. Гезитте белгилүү саясий ишмер, “Атамекен” партиясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаевдин Кыргызстандын саясий-экономикалык абалы, болочогу тууралуу пикирине да орун берилген. Басылмада улуттук паспорт системасындагы мыйзам бузуулар жөнүндө материал жарык көрмөкчү. Гезит окурмандары элге белгилүү 100 ишмердин саясий рейтинги кандай экендиги жөнүндө аналитикалык макала менен да тааныша алышат.

Ооганстанда ишкердик кылууга опсуз чоң мүмкүнчүлүктөр катылып жатканын шаршембидеги “Вечерний Бишкек” гезити жазды. КМШ өлкөлөрүнүн кыйласы Кабул менен соода-экономикалык алака жасоого киришти. «Кыргызстандык ишкерлердин Ооганстанга барышка көңүлү жок»-деп жазат журналист Э.Сатыбеков. Гезитте айрым кыргызстандыктар бөдөнө, кыргоол багып, чүйгүн эт, жанга жагымдуу жумуртка өндүрүүнүн ыгына өтүшкөнү тууралуу кеңири маалымат да жарыяланган.
XS
SM
MD
LG