Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Жорж Буш Орусияны Грузиядагы аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды


АКШ президенти Жорж Буш Орусияны Грузиядагы аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Вашингтонго сапарлап барган грузин президенти М.Саакашвили менен жолугушуунун соңунда билдирди. "Биз Орусиянын өкмөтү 1999-жылы Стамбулда кол койгон келишимди урматтап, Грузиядагы аскердик базаларын алып кетет деп күтөбүз. Бул маселе боюнча биз Грузиянын жана Орусиянын президенттери менен иштешүүнү уланта бермекчибиз", - деди Буш. АКШ президенти андан тышкары Михаил Саакашвили Грузиянын лидери катары алгачкы расмий сапары менен Москвага барганын акылдуу кадам катары колдой кетти. Ал эми Америка менен Грузия - демократия менен эркиндикти баалаган достук мамилелердеги гана эмес, жакын өнөктөш өлкөлөр, деп басым жасады президент Буш.

XS
SM
MD
LG