Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:18

АКШда ООГАН ЖАНА ИРАК АЯЛДАРЫНЫН АБАЛЫ ТАЛКУУГА АЛЫНДЫ


Өткөн аптада Вашингтондо америкалык саясатчы-аялдар Ооганстандын эл аралык сыйлыктарга татыган "Осама" аттуу тасмасын көрүп, анын соңунда ооган жергесиндеги жана Ирактагы аялдардын абалын талкуулашты. Анын жүрүшүндө АКШнын сенатору Хиллари Клинтон, эмгек боюнча министри Элейн Чао баштаган саясатчы айымдар согуштан жабыр тарткан эки өлкөдөгү аялдарды колдоо фонддоруна 6 млн долларлык жардам көргөзө турганын жарыялашты.

Бир катар эл аралык сыйлыктардын ээси "Осама" - талибдердин доорунан кийин тартылган алгачкы тасмаларынын бири. "Осамада" үйүндө ачка отурган жакындарына нан таап барыш үчүн эркек балача кийинип алып бели ката элек кезинде кара жумушта иштеп жүргөн өспүрүм кыздын жашоосу баяндалат. Талибдердин катаал бийлиги тушунда Ооганстанда кыздарга мектепке барууга, аялдарга болсо иштөөгө тыюу салынганы көпчүлүккө маалым. Ошол заманда өзүнүн ысымын Осама деп өзгөртүп алып, өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн жаш кыздын айыбы ачылып калган соң, ал жергиликтүү сот тарабынан өлүм жазасына кесилгенде, ага көзү түшүп калган улгайган шейх "эгерде мага аял болсоң, сактап калам" деп куткарып кетет. Ошентип, жашы жете элек өспүрүм кыз шейхтин дагы бир нече аялдары чоң кулпуга бекилип отурган гаремге барып түшөт.

Ооганстандык жаш кыздын татаал тагдыры өткөн бейшембиде "Осама" тасмасын көргөнү Вашингтондо чогулган саясатчы айымдарды да кайдыгер калтырган жок. АКШнын экс-президентинин жубайы, сенатор Хиллари Клинтон: "Мен тасмадан кийин Америкада Ооган аялдарынын акыбалына кызыгуу күчөйт деп үмүттөнөм. Алар биздин тизменин аягына түшүп калган жок, бирок Ооганстанды ар дайым эстен чыгарбоо керектигин айткым келет", - деген сөздөр менен коомчулукка кайрылды. Андан аркы сөзүндө ал тасманы көргөн америкалык аялдар жана кыздар өзүлөрүнүн бак-таалайлуу тагдырын асмандан түшкөн белек катары эмес, канчалаган муундардын күрөшү аркылуу жетишилген натыйжа экенин аңдап-түшүнө алышат деп белгиледи.

Клинтон айым өткөн күздө Иракка жана Ооганстанга барып, кийин АКШ президенти Жорж Буштун наамына ал жактардагы аялдардын оор акыбалы тууралуу кат жазган. Ал катында Хиллари айым Ирактагы коалициялык жетекчилик аялдардын коомдук иштерге, болочок өкмөттү түзүү иштерине жигердүү аралаштырбай жатканына тынчсыздануу менен көңүл бурган.

Вашингтондогу жыйында өлкөнүн эмгек министри Чао айым жакында Ирактагы адам укуктары боюнча жыйындарга катышып келгенин кабарлап, ирактык аялдар эркиндик, демократиялык баалуулуктарга чын дилинен умтулуп жатканына күбө болуп кайтканын маалымдады.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орун басары Паула Добрянски "Осама" тасмасы кайгылуу аяктаганы менен, аны көргөн адамдардын эркектер менен аялдар келечектүү, эркин коомдо тең укуктуу жашоо сүрүшү керектигине ишеничи бекемделет деп басым жасады.

Ооганстандын АКШдагы элчиси Саид Таеб Жавад талибдердин бийлиги кулатылганына эки жылдан ашуун гана мезгил өткөнү менен, ушу тапта мектептерге барып жаткан 4 миллиондой окуучулардын жарымына жакыны ооган кыздары экенин сыймыктана белгиледи.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG