Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:36

МАКЕДОНИЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ АВИАКЫРСЫКТАН КАЗА БОЛДУ


Кубат Оторбаев, Прага Бүгүн Македониянын президенти Борис Трайковский авиакырсыктан каза тапты. Гринвич убактысы боюнча эртең мененки саат 9дарда Трайковский түшүп бараткан учак Босниянын түштүгүндөгү тоолуу аймакта кырсыкка учураган.

Босниянын ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, кулаган учактын калдыктары табылды. Тирүү калгандар жок. Борис Трайковский Боснияга, Мостар шаарында өтө турган эларалык инвестициялык жыйынга бараткан. Анын жанында бир нече жардамчылары болгон.

Америка Кошмо Штаттарынын бул аймакта тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн маалыматы боюнча, президенттин учагы Босния-Черногория чегарасынын кесилишине жеткенде жер менен байланышты жоготкон. Алдын-ала маалыматтар боюнча, учак коюу туманга кабылып, кыйроого учураган. Трайковскийдин каза тапканы тууралуу маалыматты Ирландиянын премьер-министри Берти Ахерн маалымат агенттиктерине бекемдеди. Анткени Берти Ахерн Македониянын премьер-министри менен жолукмак, бирок Трайковскийдин каза тапканына байланыштуу ал жолугушуу болбой калды. Македон премьери Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүү боюнча расмий арызын Евробиримдиктин учурдагы жетекчисине, Ирландиянын премьер-министри Берти Ахернге тапшыраары күтүлүп жаткан.

Борис Трайковксий албандар менен сүйлөшүүлөрдү ийгиликтүү жүргүзгөнү жана Балканда тынчтыкты орнотууга кошкон салымы үчүн эларалык коомчулуктун урматтоосуна татыган. Анын тилегинде Македония Европанын алдыңкы мамлекеттеринин бирине айланып, келечекте Евробиримдикке кошулушу керек эле. 2003-жылы 8-апрелде Страсбургда Европа парламентинин жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Борис Трайковкий Балканда тынчтык орнотууга Европа биримдиги менен НАТОнун кошкон салымын минтип баалаган болчу:

– Чыр-чатактар тынчтык жолу менен чечилип, эми гезиттерде согуш тууралуу жазылбай калганда баары тез эле унутулгандай болот. Бирок Европа биримдиги жана НАТО тарабынан жасалган ал жөнгө салуулар, Романо Проди, Хавьер Солана, Крис Паттен жана лорд Робертсондун аракеттери ар дайым эстеп жүрүүгө татыктуу.

Борис Трайковскийдин “Македониянын өнүгүшү үчүн дагы көп нерсени жасоо керек” деген сөзү да дүйнө коомчулугунун эсинде:

– Балкан - дале болсо бейкут жашоо өткөрүүгө болбой турган коркунучтуу аймак. Биз толгон-токой курал-жаракка, аткезчиликке, коррупция жана кан төгүүлөр аркылуу байлык топтогон адамдардын арасында жашап жатабыз, - деген болчу 2002-жылы 21-ноябрда НАТОнун жыйынында сүйлөгөн сөзүндө президент Борис Трайковский.

Учурда учак кулаган жерде куткаруучулар иштеп жатат. Кырсыктын себептери иликтенүүдө.
XS
SM
MD
LG