Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:01

ЭРКИН ЭКОНОМИКАЛЫК АЙМАКТАР САЛЫКТАН КАЧКАНДАРГА КАЛКАНЧ


Сапар Орозбаков, Бишкек Кыргызстанда 4 эркин экономикалык аймак түзүлгөн. Алардын ичинен жалгыз гана Бишкек эркин экономикалык аймагы дурус иштеп жатат деп айтса болот. Калгандары өлкөгө жарытылуу инвестиция алып келбей эле, салык төлөөөдөн качкан жергиликтүү ишканаларды калканчына айланган. Бул тууралуу бейшемби күнү болгон өкмөт жыйынында айтылды.

Жыйында бул маселе боюнча маалымат берген Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин төрагасынын орун басары Азизбек Мадмаров:

- Эркин экономикалык аймактардын алдына коюлган максаттар ишке ашпай калды. Ошондой эле алар өздөрү жайгашкан региондордун өнүгүүсүнө да олуттуу таасир бере алышкан жок, – деди.

«Нарын» эркин экономикалык аймагы түзүлгөндөн бери ал жерге болгону 6 млн. доллар инвестиция келген. 2000-жылдан бери бир да тыйын түшкөн эмес. «Каракол» эркин экономикалык аймагында деле абал андан ашпайт. Ага бар болгону 5 млн. долларга жетпеген инвестиция салынган. Акыркы 4 жыл ичинде 500 миң доллар эле инвестиция келген. «Маймак» эркин экономикалык аймагында 10 гана ишкана каттоодон өткөн. Кыргызстандын мыйзамдары боюнча эркин экономикалык аймактарга катталган ишканаларга салык боюнча жеңилдиктер берилет. Аларга чыгарган продукциясынын 30% кем эмесин экспортко жиберген гана ишканалар катталууга укуктуу. Иш жүзүндө болсо бул эркин аймактарда катталган ишканалардын басымдуу көпчүлүгү товар экспорттобой эле, импорттошот. Алар түзүлгөндөн бери экспорт импорттон ашкан бир да жыл болгон эмес.
Ушундан улам «Каракол» эркин экономикалык аймагы тууралуу маалымат берген Ысык-Көл облусунун губернатору Токон Шайлиева:

- Биздин борбордогудай миң түркүн дүкөн болсо, ал дагы эркин экономикалык аймакка кирип алган. Тез аранын ичинде жабыш керек. Ал жерде коррупция гүлдөп жатат, - деди.

Анын айтымында, бул аймакта бүтүн депутаттар менен өкмөт адамдарынын ишканалары толуп алып, алар ал жерде тартип орнотууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Токон Шайлиева бул жөнундө айтканда жыйында отургандардын бирөөсү Шайлиевадан алардын аттарын атоосун өтүнгөндө, Шайлиева ага:

- Мезгили келгенде атайм. Күйүүчү май жөнөтүп жаткандардын атын да атайм. Ким алардын арттында турганын да айтам. Мен андан коркпойм, – деп жооп берди.

Токон Шайлиеваны ал чөлкөмдөн депутат болуп шайланган Болот Байкожоев, Каржы министри Болот Абилдаев, Кирешелер комитетинин төрага орун басары Адылбек Касымалиевдер колдошту:

- Акыркы эле 3 жылды эсептеп көргүлө, 200 млн сомду айрым дамдар өз чөнтөктөрүнө салып алышты, - деди депутат Болот Байкожоев.

Өткөн жылы «Каракол» эркин экономикалык аймагында катталган ишканалар салык төлөбөй күйүүчү май алып келишип, бүткүл өлкөгө таратып жатышат деп чуу чыккан болчу. Болот Абилдаевдин айтымында, аларга кылмыш иши козголгон менен соттор күнөөлүүлөрдү жазага тарпай эле, тескерисинче, ишти алардын пайдасына чечип жатышат. Каржы министри өкмөт башчыдан сотторго таасир этүүнү өтүндү. Бирок, аларды өкмөт башчы соттун чечимисиз бирөөлөрдү күнөөлөөгө болбойт деп тыйып койду:

- Алардын аты-жөнүн билсеңер, өкмөт жыйынында айтыш керек. Же болбосо өзүңөрчө үйдө сүйлөшкүлө. Мындай билдирүүдөн кийин ушул жерде отургандардын ар бирине көлөкө түшүп жатат, – деди Николай Танаев Токон Шайлиевага кайрылып.

Өкмөт башчы эркин экономикалык аймактарды дароо эле жаап коюш оңой экенин, бирок ал кокус өлкөгө керек болуп калса, аларды кайра ачыш кыйын болуп каларын жана аймактар тууралуу Эл аралык валюта кору менен түзүлгөн келишимде жазылгандагын Николай Танаев эске салып:

- Эгерде бул экөөнү жоюп койсок, башка бир дагы эркин экономикалык аймак түзө албайбыз. Бул меморандумда жазылган, – деп эскертти.

Өкмөт башчынын сунушу боюнча атайын комиссия түзүлүп, ал бул эркин экономикалык аймактарды жоюш-жойбош керектигин иликтеп чыкмай болду. Эгерде алар жоюлбай турган болсо, алардын территориялары кыскартылып, чакан болуп кайра түзүлөт. Андан тышкары жыйында аталган «Нарын» жана «Каракол» эркин экономикалык аймактарынын жетекчилерин кызматтан алуу жана аларга көзөмөл жүргүзгөн губернаторлордун орун басарларына сөгуш берүү тууралуу чечим кабыл алынды.
XS
SM
MD
LG