Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Каракөлдө жер көчтү


БИШКЕК. Акыркы күндөрү жааган жаандын кесепетинен Каракөл шаарынын аймагында жер көчүп, турак үйлөргө 200 метр жетпей токтоду. Бул тууралуу бүгүн Экология жана күтүүсүз кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Достук заводунун аймагында орун алган бул жер көчкүнүн жалпы көлөмү 15 миң кубометрди түзөт. Мониторинг жүргүзүү департаментинин божомолуна караганда, жаан катууласа жер көчкү турак үйлөрдү капташы мүмкүн. Учурда адистер жагдайга байкоо жүргүзүүнү улантууда. Мындан тышкары кар көчкү түшүү коркунучу учурда Бишкек-Суусамыр-Талас жолундагы Өтмөк жана Каракол-Эңилчек жолундагы Чоңашуу ашууларында сакталып турат. Министрликтин маалыматына караганда, күтүүсүз кырдаалдар жана коргоо министрлиги тарабынан кооптуу жерлерде көчкүнү атып түшүрүү аракеттери уланууда.

XS
SM
MD
LG