Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Террорчу деп шектелгендердин соту 2-мартта башталат


БИШКЕК. Кыргызстандын аймагында террордук акт жасоого даярданышкан деген шек менен Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан өткөн жылы кармалган төрт адамга байланыштуу сот иши 2-мартта башталат. Бул тууралуу ишти кароо тапшырылган Ленин райондук сотунун судьясы Таалайбек Саатов бейшембиде билдирди. Анын айтымында, ишти кароо күнөөлөнүп жаткандардын адвокаттарынын сот жараянына келбей калуусуна байланыштуу мурда белгиленген күндөн кечирээк мөөнөткө которулду. Өткөн жылы кармалган адамдар Ооганстанда «Талибан» лагерлеринде даярдыктан өтүп келип, Манас аба майданында жайгашкан Ганси авиабазасын жардырууга аракет жасаган деп шектелген. Кармалгандардын үчөө Кыргызстандын, бирөө Казакстандын атуулу.

XS
SM
MD
LG