Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Орус тилинин КМШ аймагындагы орду Бишкекте талкууланат


БИШКЕК. 4-5-мартта Бишкекте «Орус тили шериктеш өлкөлөрдүн элдеринде» аттуу Эл аралык Конгресс болору болжолдонуп жатат. Кыргызстандын демилгеси менен өтө турган бул иш чарага КМШ өлкөлөрүнөн расмий бийлик өкүлдөрүнүн, окумуштуулардын, маданий ишмерлердин жоон тобу катышмакчы. Уюштуруучу топтун маалымдашынча, бул конгресске алардан тышкары Орусиянын биринчи айымы Людмила Путинанын да катышып, сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Мындан тышкары пленардык жыйында президент Аскар Акаевдин сөз сүйлөшү болжолдонуп жатат. Конгрессти жазуучу жана коомдук ишмер Чынгыз Айтматов алып барат. Форумду уюштуруу иштерин мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов жетектеген топ жүргүзүүдө.

XS
SM
MD
LG