Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Дүйнөлүк банк кезектеги траншты берүүнү кечеңдетет


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү «Мамлекеттик саясий кызматтарды ээлеген адамдардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн кирешеси жана мүлкү тууралуу маалымат берүүчү декларация жөнүндө», «Мамлекеттик кызмат жөнүндө» жана «Эсеп палатасы тууралуу» мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна коюп, кабыл алууга жетишмейин Дүйнөлүк банк GSAС программасынын алкагындагы кезектеги траншты берүүнү кечеңдетет. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын 16-26-февралда иштеген миссиянын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн маалымат жыйынында Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Крис Лавлейс билдирди. GSAС программасынын алкагында 20 миллион доллар насыя бөлүү каралган, анын биринчи траншы боюнча 10 миллион доллар берилген. Ал эми экинчи траншта 5 миллион доллар бөлүү каралган. Дүйнөлүк банк жогорудагы мыйзамдарды кабыл алуу коррупцияны азайтат, мамлекеттик кызматкерлердин эл алдында милдеткерлигин арттырат жана «Эсеп палатасынын» ишин ачык болушун шарттайт деген пикирде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG