Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:26

АКШнын мамлекеттик департаменти адам укуктарына байланыштуу отчетун жарыялады


БИШКЕК. АКШнын мамлекеттик департаменти Кыргызстандагы адам укуктарынын 2003-жыл ичиндеги абалы боюнча отчетун жарыялады. Анда өткөн жылы февраль айында өткөрүлгөн Конституциялык референдумда олуттуу мыйзам бузуулар болуп, анын жыйынтыгында президенттик бийлик күчөтүлүп, ал эми парламент жана Конституциялык сот алсызданды, президент Аскар Акаев бийликте үстөмдүгүн улантууда деп белгиленген. Андан сырткары аткаруу бийлик системасы сотторду оппозициялык саясатчыларга жана эркин маалымат каражаттарына каршы пайдаланууда деп айтылган. Президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев: «Отчеттун түзүүчүлөрү Кыргызстандагы кырдаалды жакшы билбегендиктен айрым так эместиктерге орун берген. Биздин батыш стандартына жетүүбүз кыйын, ошентсе да ага акырындап барабыз»,-деп бүгүн билдирди. Ал эми «Ар намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Эмил Алиев «АКШнын мамлекеттик департаментинин отчету Кыргызстандагы кырдаалды туура чагылдырган»,-деген пикирин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG