Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:21

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫ ЯКУТСКИДЕ МЕКТЕП КУРУП ЖАТЫШАТ


Чолпон Орозобекова , Бишкек Ырасмий маалымат боюнча, Орусияда иштеп жүргɵн кыргызстандыктардын ичинен 4 жарым миңи гана жумушка уруксат алды. Калгандары азырынча жашыруун иштеп жан багууда. Мындай эмгек мигранттарын орус бийлиги акыр бир күн кубалап чыгышы ыктымалбы?

Такталбаган маалымат боюнча, Якутияда 5 миңге чукул кыргыз бар. Алар көбүнчө курулушта иштеп жан багышууда. Ал эми аялдар базарда кийим - кечек, өздөрү бышырган нан жана тамак-аш сатышат. Арасында «Кыргыз ашканасы» деп өздөрү ачып алган чакан ашканасы менен күн көрүп аткандары да бар. Кадыр Асанов Якутияга эки ирет барып иштеп келди. Экинчи жолу бараарда 17 баланы чогултуп алып атайын курулуш бригадасын түзүп кеткен. Кыргыз курулушчулары Сыдыбыл кыштагында өрттөнүп кеткен мектепти куруп беришти. Кадырдын айтымында, буга чейин кыргыздар чар- жайыт ар ким өз алдынча иштеген. Ошондуктан, чоң курулуш иштерин, мисалы Армениядан барган бригадалар ээлеп кетчү. Кыргыздарга чоң имараттардын курулуштарын салууга эми гана ишеним арта баштады. Ушундан улам Якутск шаарынын мэриясы төрт мектептин курулушуна келишим түзүү убадасын берген.

Кадыр Асановдун айтымында, Якутияда жүргөн кыргыздардын жашоосу оор. Батирдин баасы жогору болгондуктан, аны ижарага алууга чамасы жетпегендер туш келген жерге түнөп иштеп жүрүшөт.

Ушундан улам Кадыр Асанов кыргыздарга жергиликтүү калктын мамилесин өзгөртүш үчүн Якутск шаарындагы гезиттерге эки жолу макала жазып, анда бир тууган эл экендигин баса көрсөтүүгө аракет кылган. Ал макалалардан кийин якуттардын кыргыздарга мамилеси жумшарып, өз ара иштешүүгө ык алышкан.

Ал эми тартип коргоо органдары жөн жерден кыйкым таап айыппул салып же камап салууга ашыкпайт. Четтен барган адамдын документтери туура болсо жашоосуна бут тоспойт:

- Бирок, якуттардын жаштары тентегирээк болот экен. Арак ичкенден кийин бычак ала чуркап кол салганга даяр турушат. Жылыга 2-3 кыргыз бала ар түр кырдаалда каза болууда, - дейт Кадыр Асанов.

Андай учурда кыргыздар акча чогултуп, туулган жерине жөнөтүшөт же ошол жакка көмүшөт.

Якутскиде жүргөн кыргыздар үчүн башкы көйгөй каттоодон өтүү жана жумушка орношууга уруксат алуу. Кадыр Асановдун айтымында, курулушка деле каттоосу жокторду албайт.Үч айга чейинки каттоого туруш үчүн 2 миң рубль төлөнөт, андай акча таба албагандар каттоосу жок аябай кыйналышат. Жалаң кыргыз балдардан турган курулуш бригаданы 3 ай иштетип алгандан кийин каттоонун жоктугун шылтоолоп эмгек акысын бербей койгон окуя да болгон.

Орусия 2002-жылы чет мамлекеттик атуулдардын статусу тууралуу мыйзам кабыл алган. Ага ылайык, кыргызстандыктар Орусияда жумушка орношконго ырасмий уруксат алууга милдеттүү. Андан тышкары орусиялык ишкер кыргызстандык адамды ишке алганы үчүн мамлекетке 3 миң рубль төлөшү керек. Бул мыйзам кыргызстандыктардын каттоого туруу жагдайын оорлоткон. Орусиянын жерине кирери менен 3 айлык гана миграция кагазы берилет. Ырасмий жумушка чакыруу кагазы же келишими жок болсо 3 айдан кийин Орусиядан чыгып кетүүгө тийиш. Орусиядагы кыргыздардын көйгөйлөрүн чечүүнү көздөгөн «Замандаш» фондунун вице- президенти Жума Абдуллаевдин айтымында каттоо мөөнөтү бүтүп калганда Орусиядан миңдеген чакырым жолду басып чыгып, анан кайра киргенге мажбур болушууда. Ал эми убактылуу жашап жаткан батирге каттоого турууга кожоюн макул болбойт. Себеби, батирдеги ар бир адам үчүн салык төлөгөндөн качышат.

Кыргызстандын Орусиянын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу жана «Замандаш» фондусу учурда орус шаарларында консальтинг борборлорун ачып, ар бир жергиликтүү бийлик менен жумушка орноштуруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. «Замандаш» фондусунун маалыматы боюнча, Орусияда ырасмий жумушка ээ кыргызстандыктардын саны 10 миңге жетип калды. Учурда, мисалы Самара шаары менен 2700 жумуш орунга, Ростов на Дону менен 1500 орунга келишим түзүлүптүр.

Орусия чет элдик жарандар үчүн тартипти катуулатканы менен бул өлкөгө барган кыргыздардын саны азайган жок. Екатеринбургдагы консулдук берген маалыматка караганда, жумасына 2 жолу каттаган Бишкек- Екатеринбург поэзди менен бир жолу эле 1000ден ашык кыргызстандык барган күндөр арбын. Башкы консул Төлөн Турганбаев «Азаттыкка» телефон аркылуу берген интервьюсунда, кыргызстандыктарды Орусиядагы элдин жашоо деңгээлинин жогорулашы ого бетер тартып атканын билдирди. Анын айтымында, азыр Орусияда пол жууган аял айына 5 миң рублге чейин маяна алат жана бул Орусиянын экономикасынын мыкты өнүгүп жаткандыгынын далили.

Орусиядагы кыргызстандыктардын 90% учурда жашыруун иштеп жатат. Кыргызстандын башкы консулунун билдирүүсү боюнча, бирок, Орусия аларды Кыргызстанга депортация кылат деп чочулашка эрте. Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда эмгек мигранттары тууралуу 1996-жылы кабылданган келишимге кошумча протоколго былтыр кол коюлган. Бирок, ал азыр Орусиянын Мамлекеттик думасы тарабынан ратификациялана элек. Ал парламент тарабынан жактырылса, Кыргызстандык жумушчу Орусияга киргенден кийин 3 айга эмес дароо 2 жылга уруксат алат. Байкоочулардын баамында, азыр жашыруун иштеген кыргызстандык ар бир жолу тартип коргоо өкүлдөрүнө 500 рублдан кың дебей төлөп бергени үчүн депортацияга кабылбай жатат.
XS
SM
MD
LG